Жанылыктар
-
«Восточная» СК кардарлары үчүн кулактандыруу
Техникалык себептерге байланыштуу №046-1-14 «Восточная» аманат кассасы Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү, 223, «Мадина» соода борбору дареги боюнча 2025-жылдын 6-июнунан 8-июнуна чейин жабык болот
-
KICB Курман Айт майрамында иштөө графиги жөнүндө маалымдайт
Курман айт майрамына байланыштуу 2025-жылдын 6-июнунда Банктын бардык бөлүмдөрү жабык болот. Төмөнкү аманат кассаларынан тышкары, алар кардарларды стандарттык режимде тейлейт (oперациялык тейлөө гана):
-
KICB — БАЭдеги Emirates NBD банкы менен өнөктөштүк орноткон алгачкы кыргызстандык банк болду
Эл аралык өнөктөштүк тармагын кеңейтип, KICB БАЭдеги экинчи ири банк болуп саналган Emirates NBD менен дирхам валютасында корреспонденттик эсеп ачты. Бул кадам банк тарабынан эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана талаптагы жогорку валюталар боюнча төлөм инфратүзүмүн өнүктүрүү ниетин тастыктайт.