KICBден акция “Кыялды орундатууга убакыт келди”

25-жылдыгына карата KICB “Кыялды орундатууга убакыт келди” акциясын баштады. 2026-жылдын 14-октябрынан 31-декабрына чейин банктын кардарлары КР сому менен пайдалуу шартта депозит ача алышат.
KICB акча каражаттарын топтоонун убактысына жараша жагымдуу пайыздык чендерди сунуштайт. Эгер сиз аманатты 13 айга жайгаштырсаңыз, банк жылына 12,5% ченди сунуштайт. Эгерде сизге бир жарым жылдан 2 жылга чейинки мөөнөт туура келсе, чен 13% жогорулайт. Ал эми 3 жылга чейинки убакытты мерчемдесеңиз, KICB жылына максималдуу 13,5% ченди тартуулайт.
Мааракелик акция – жашоодогу эң маанилүү максаттарга акча топтоонун мыкты мүмкүнчүлүгү. Сиз балдардын билими үчүн, алардын окуусун төлөө, өзүңүзгө үй же унаа алууга ишенимдүү финансылык пайдубалды кура аласыз. Узак убакытка максаттарды мерчемдеп, KICB банкы менен бирге максималдуу пайда алыңыз.
Каражаттардын бүтүндүгүнө кабатырлануунун кереги жок – сиздин акчаңыздын коопсуздугуна кепилдик берилет. Бардык аманаттар КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан корголот. Акчаны көбөйтүүнү үйдөн чыкпай эле баштасаңыз болот. Жогорку чен менен депозитти KICBнин мобилдик тиркемесинен эле ача аласыз. Банктын каалаган бөлүмдөрүнөн да депозитти ачуу мүмкүн.
KICB – мыкты жашоо үчүн ишенимдүү банк!

