Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Эскертүү: жасалма тиркемелер!

Урматтуу кардарлар, Банк сиздерди зыяндуу программаларды (вирустарды) камтыган алдамчылык учурларынын көбөйүшү тууралуу эскертет. Шылуундар аларды «Fun-Sun», «Каталог Kyrgyz Concept», «Каталог Кругосвет», «Каталог домов», «Түндүк» жана башкалар сыяктуу ар кандай мобилдик тиркемелердин түрүндө жашырышат.

Алдамчылык схеманын этаптары:

  1. Билдирүү: Белгилүү бир кызмат түрлөрүн (мисалы, популярдуу саякат топтомдорун же кыймылсыз мүлктү) жарнамалоо жана сатуу максатында социалдык тармактарда жасалма баракчалар түзүлүүдө.

  2. Байланыш орнотуу: Кардарлар жарнамалык шилтеме аркылуу WhatsApp чаттарына өтүшөт. Компаниянын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган алдамчылар жабырлануучу менен байланышып, турларды сатууну сунушташат жана арзандатууларга же атайын сунуштарга жетүү үчүн мобилдик тиркемени орнотууга көндүрүшөт.

  3. Акыркы этап: Мобилдик банкингге кирүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алгандан кийин, чабуулчулар жабырлануучунун телефонун аралыктан башкарууну иштетүү үчүн вирусту колдонушат.

Өзүңүздү жана каражаттарыңызды кантип коргой аласыз?

  • WhatsApp, Telegram же башкалар аркылуу алынган шилтемелер аркылуу мобилдик тиркемелерди жүктөп алууга жана орнотууга катуу тыюу салынат.

  • Арзандатуулар, акциялар же эксклюзивдүү каталогдорго жетүү мүмкүнчүлүгү үчүн үчүнчү тараптын программаларын орнотуу сунуштарына ишенбеңиз.

  • Логиндериңизди, паролдорунузду же SMS аркылуу келген бир жолку коддорду (OTP) эч кимге бербеңиз жана аларды шектүү программаларга киргизбеңиз.

Сиздерди өтө сак болууга чакырабыз! Эгерде сиз мындай тиркемени орнотуп алган болсоңуз, дароо телефонуңуздагы интернетти өчүрүп, кирүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөө үчүн Банкка кайрылыңыз.