Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы

Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы
Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы
Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы

СТИПЕНДИЯНЫ ЫЙГАРУУ ЭТАПТАРЫ

Документтерди кабыл алуу: Сынак жылына 1 жолу гана, 01-августтан 31-августка чейин (кошо алганда) катуу тартипте жүргүзүлөт. 31-август саат 23:59дан кечигип жөнөтүлгөн өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат.

Тапшыруу форматы: Документтер электрондук түрдө гана кабыл алынат. Кагаз түрүндөгү варианттары Банктын кеңселеринде (колмо-кол) кабыл алынбайт.

«Бир талапкер — бир электрондук кат» эрежеси: Документтер талапкердин өздүк электрондук дарегин (e-mail) колдонуу менен Банктын [email protected] дарегине жөнөтүлүшү керек. Катты жөнөтүүчүнүн дареги интерактивдүү анкетанын ичинде талапкер тарабынан көрсөтүлгөн электрондук почтанын дареги менен толук дал келиши шарт. Толтурулган анкетаны талапкердин өздүк e-mail дарегинен макулдук белгиси коюлган абалда жөнөтүү – анын өз колу менен койгон кол тамгасын болуп таанылат.

Карап чыгуу: Атайын Сынак комиссиясы өтүнмөлөрдү окуу жылынын 15-сентябрына чейин карап чыгат.

Жыйынтыктар: Сынактын жыйынтыктары ар бир жеңүүчүгө жеке тартипте окуу жылынын 20-сентябрына чейин билдирилет.

ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ

Бардык документтер сканерленип, бирдиктүү бир PDF файлына (көлөмү 7 МБ чейин) бириктирилиши керек. Файлдын ичиндеги документтер так көрсөтүлгөн тартипте жайгашууга тийиш:

Абитуриенттер, жогорку жана кесиптик орто атайын окуу жайларынын 1-курсунун студенттери үчүн:

1.   Анкета-өтүнмө (жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук талаасы милдеттүү түрдө толтурулган жана электрондук кол тамгасы менен). [жүктөп алуу үчүн анкета]

2.   Паспорт (ID-картанын эки тарабынын көчүрмөсү).

3.   Аттестат орто билим тууралуу (көчүрмөсү).

4.   ЖРТ (ОРТ) сертификаты (көчүрмөсү).

5.   Билим берүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим (ЖОЖго, КООЖго кабыл алууну тастыктаган документ).

6.   Социалдык абалын тастыктаган маалым каттар (ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу, финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген). 

ЖОЖ, КООЖ 2-4-курсунун студенттери үчүн тизме:

1.    Анкета-өтүнмө (жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук талаасы толтурулган жана электрондук кол тамгасы менен). [жүктөп алуу үчүн анкета]

2.    Паспорт (ID-картанын эки тарабынын көчүрмөсү).

3.    Окуган жеринен маалымкат (көчүрмөсү/сканы).

4.    Жетишүү баракчасы / Транскрипт бүткүл окуу мезгили үчүн.

5.    Сунуштама кат декандан же куратордон.

6.    Социалдык абалын тастыктаган маалым каттар (ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу, финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген).

Стипендияны узартуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

1.      Анкета-өтүнмө («Стипендияны узартуу» деген белгиси менен).

2.      Паспорт (ID-картанын эки тарабынын көчүрмөсү).

3.      Окуган жеринен маалымкат (көчүрмөсү/сканы).

4.      Жетишүү баракчасы / Транскрипт (жогорку балл сакталгандыгын тастыктаган).

5.      Сунуштама кат декандан же куратордон.

(Узартуу учурунда социалдык абал тууралуу маалымкаттарды кайрадан тиркөөнүн кажети жок).