Документтердин тизмеси

СТИПЕНДИЯНЫ ЫЙГАРУУ ЭТАПТАРЫ

Сынак жылына 1 (бир) жолу, жогорку, атайын орто, кесиптик атайын орто окуу жайларга документтерди кабыл алуу мезгилинде, 2024-жылдын 01-августунан 27-сентябрына чейин өткөрүлөт. Талапкер Банктын суроо-талабы боюнча документтердин пакетин Банктын кеңсесине же электрондук түрдө Банктын [email protected] почтасына (7 МБдан көп эмес) 2024-жылдын 27-сентябры саат 18:00гө чейин бериши керек.
Атайын түзүлгөн комиссия арыздарды 2024-жылдын 04-октябрына чейин карайт. Сынактын жыйынтыктары 2024-жылдын 11-октябрына чейин ар бир стипендиатка жеке маалымдалат.


ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ

Абитуриенттер, жогорку жана кесиптик орто атайын окуу жайларынын 1-курсунун студенттери үчүн:

  1. Паспорт (көчүрмө);
  2. Орто билими жөнүндө аттестат (көчүрмө);
  3. Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (көчүрмө);
  4. Социалдык абалын тастыктаган маалым каттар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу, финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан
  5. Билим берүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим (ЖОЖго, КООЖго кабыл алууну тастыктаган документ); Абитуриенттер жана 1-курстун студенттери үчүн арыздын формасы: жүктөп алуу үчүн WORD документ (толтурулган жана кол коюлган)


ЖОЖ, КООЖ 2-4-курсунун студенттери үчүн тизме:
  1. Паспорт (көчүрмө);
  2. Окуган жеринен маалым кат (түп нуска);
  3. Жетишкендиги жөнүндө ведомость (транскрипт);
  4. Декандын же куратордун сунуштамалары (түп нуска);
  5. Социалдык абалын тастыктаган маалым каттар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу, финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан
  6. 2-4-курстун студенттери үчүн арыздын формасы (толтурулган жана кол коюлган): жүктөп алуу үчүн WORD документ