Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB жана ЕРӨБ «МСП Инжиниринг» ЖЧКны кеңейтүүнү каржылайт


Бул кредит компаниянын капиталдык чыгашаларын каржылоо жана ордун толтуруу үчүн жумшалат.

«МСП Инжиниринг» ЖЧК – терезе, эшик жана фасад үчүн экологиялык алюминий орнотмолорду, ошондой эле терезелер жана эшиктер үчүн ПВХ-профилдерди куроо жана орнотуу менен алектенген алдыңкы компаниялардын бири.

Өндүрүм ассортиментине өнөр жайлык жана жогорку ылдамдыктагы гараж дарбазалары, жыйылма системалар, ПВХ системалар ж.б. кирет. Акционерлер бизнести 2006-жылы Кытайдан биринчи жабдууну сатып алуу менен башташкан. Бардыгы жалпы аянты 120 м2 болгон ижарага алынган орун жайда пластик терезелерди жана эшиктерди өндүрүүдөн башталган.

Заманбап жабдуу менен жабдылган жеке өндүрүш ар бир этапта өндүрүмдүн сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Көп жылдан бери белгилүү өндүрүүчүлөр менен кызматташуу компанияга кардарлардын ишенимин камсыздайт, ал эми топтогон тажрыйба ар кандай татаал милдеттерди кесипкөй жана ыкчам жеңүү мүмкүнчүлүгүн берет.