Таластык Айзада Дүйшөнбекованын ийгилик окуясы

Таластык Айзада Дүйшөнбекованын ийгилик окуясы

Аялдар үй-бүлөлүк жашоодо дагы, бизнесте дагы ийгиликтүү боло алышат: бири башкасына тоскоол болбойт. Айзада Дуйшенбекова муну далилдеди.

Талас районунун Орто-Арык айылынын жашоочусу Дуйшенбекова  Айзада  күйөөсү менен бирге 13 жылдан бери мал багып, дыйканчылык менен алектенет.

Сүт сатуудан түшкөн киреше үй-бүлөнү камсыздоого жана бизнести өнүктүрүүгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө Айзада - «Баатыр эне» наамы менен жети балалуу жаш эне. Улуу баласы 16 жашта, ал студент, ал эми эң кенже кызы болгону 10 айлык. Айрым балдары мектеп окуучулары болсо, башкалары кичинекей, аларды ар дайым карап, кам көрүү керек. Балдар чоңоюп жатат, аларга жаңы кийим, мектеп буюмдарын жана башкаларды сатып берүү керек, ошондуктан ата-энесинин кирешеси жакшы болушу зарыл. Аймактарда көпчүлүк аялдар үчүн үйүнө жакын жумуш табуу оор, анткени балдарын күн бою кароосуз калтыра алышпайт. Мындай кыйынчылыктарга кабылып,  Айзада күйөөсү экөө мал багуу менен алектенүүнү чечишкен. 

«Мен өзүмдүн апамa Дуйшенбекова Атыркүлгө абдан ыраазымын, ал дайыма мени колдоп, мага ишенчү. Ал тобокелдикке барып, мал чарбаны өнүктүрүүгө кредит алууну кеңеш кылган», - дейт Айзада.

Айзаданын айтуусунда, анын апасы өзү дагы узак убакыт KICB банкынын кардары болгон, кийин кызына сунуштаган. Кредит алуусуз (кошумча каражаттарды) малды көбөйтүү жана бул ишти кирешелүү кылуу оор.

Банкка келип, Айзада ЕРӨБ «Борбор Азиядагы бизнестеги аялдар» программасынын алкагында KICB банкынан «Мыкты Айым» атайын сунушу тууралуу билген жана мүмкүнчүлүктү пайдаланууну чечип, мал чарбаны өнүктүрүүгө кредит алган. 

Айзада ишкер аялдар үчүн кредиттин пайдалуу шарттарына таң калган. Кредитти алгандан кийин Айзада күйөөсү экөө бодо малдын санын эки эсе көбөйткөн, төлдү сатуу менен чоң киреше алып башташкан, ал үй-бүлө үчүн чоң үй куруу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Айзаданын кичине кезинен бери жакшы көргөн иши – тигүү болгон. Тигүүнү жакшы көрүшүнө чоң энеси түрткү болгон, ал бул кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөткөн. Аракеттин, талбаган эмгектин жана мал чарба бизнесин өнүктүрүүдөн алынган кирешенин аркасында Айзада өзүнүн көптөн берки кыялын жүзөгө ашырып, тигүү машинасын сатып алды. Учурда ал жакшы көргөн иши менен алектенип жатат, бул анын үй-бүлөсүнө туруктуу кошумча киреше, өзүнө ыракат алып келүүдө. Айзада үйдө мектеп окуучулары үчүн майрамдык кийим, ар кандай салтанаттарга костюм, кыздарга сеп жана башкаларды тигүүгө буйрутма алат. Кызга сеп тигүү – бул узак жана көп эмгекти талап кылган иш, ар бир буюмга көп күч, убакыт жана чыгармачылык талап кылынат. «Жумушуңду жакшы көрүү менен жасасаң, жыйынтыгы ошондой жакшы болот», - деп оюн бөлүшөт биздин каарманыбыз Айзада. Бардык буйрутмаларды ал жеке дизайн боюнча тигет.

                  

Келечекте Айзада тигүү цехин ачууну, айылдаш аялдар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү кыялданат. Ал өзүн өнүктүрүү үчүн жигердүү аракеттенет, өсүүнү жана өнүгүүнү, ЕРӨБ «Бизнестеги аялдар» программасынын алкагында KICB банк ишкер-аялдар үчүн акысыз өткөрө турган тренингдерге жана семинарларга катышууну пландаштырып жатат. Бул багытта Айзаданы анын чоң үй-бүлөсү колдойт.

«Үйдө күлкү жана кубаныч жаңырып турса – бул мен үчүн ийгиликтин белгиси жана эң чоң жеңиш», -  дейт Айзада.

Биздин каарманыбыздын окуясы аялдар бизнесин ийгиликтүү өнүктүрүп, үй-бүлөсүн карап, жакшы көргөн иши менен алектенип жана мээримдүү эне жана сүйүктүү жар боло алаарын далилдеп турат.