Касымова Жылдыздын жана анын үй-бүлөсүнүн кызыктуу окуясы.

Касымова Жылдыздын жана анын үй-бүлөсүнүн кызыктуу окуясы.

Кантип ийгиликке жетип, нөлдөн тартып бизнести баштоого болот - Касымова Жылдыздын жана анын үй-бүлөсүнүн кызыктуу окуясы.

Чакан жана орто бизнестин көпчүлүк бизнес-идеяларын ишкер аялдар жүзөгө ашырышат. Жылдыз өмүрүндө көп нерсеге жетише алганына кубанат, бир кезде ушул жолду тандаганына өкүнбөйт.

2000-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУ университетин журналистика багыты боюнча аяктагандан кийин, Жылдыз турмушка чыгып, Нарын облусунун Куйбышев айылына көчүп кетет. Айылда адистиги боюнча жумуш табуу оор болгон, ошондо Жылдыз жеке бизнести ачууну чечет, баштапкы капитал катары үй-бүлөнүн топтогон каражатын колдонот. Биринчи ишкердик ишин Жылдыз кийиз боёо үчүн боёкторду сатуудан баштаган, анткени айыл жеринде айылдыктар тиричилик буюму катары колдонгон: кийиз, шырдак, боз үйдү жасалгалоо сыяктуу кийизден буюмдарды жасоо иши өнүккөн, ошондой эле мындай буюмдар кооздук, кийим жана сувенир катары колдонулган. Акырындык менен бул бизнес өнүгүп, жакшы киреше алып келип баштаган, бул азыркы күнгө чейин иштеп жаткан жаңы иштин – азык-түлүк, кийим-кече жана башка товарларды сатуунун башталышы болуп калган.



                   


Нарын облусунда көпчүлүк үй-бүлөлөр айдоо жерлерди жана жайыттарды пайдаланып, мал чарбасы менен алектенишет. Жылдыз жолдошу Майрамбек менен бирге айыл чарбасы менен, атап айтканда уйларды, топоздорду жана койлорду багуу менен алектенишкен. Жыл сайын алар малдын санын көбөйтүп, зарыл болгондо аларды сатышкан. Жаздан күзгө чейин мал Көк-Торпок жайлоосуна чыгарылган. Нарын облусу Кыргызстандын бийик тоолуу жана климаты катаал аймагы деп саналат. Ушул себептен улам узак жана суук кыш айлары малга көп өлчөмдө тоют даярдоону талап кылат. Мал жайлоодо жүргөндө үй-бүлө арпа, беде өстүрүп, оор талаа иштери менен алектенген жана алынган түшүмдү кышка даярдашкан.

2012-жылы Жылдыз айылдагы мектеп ашканасына ашпозчу болуп жумушка орношкон. Бир нече чөйрөдө ишти айкалыштыруу жана үйдөгү иштерди аткаруу жана кичинекей балдарын тарбиялоо оор болгон. Ал үчүн бул оор учурда 87 жаштагы кайненеси Жеңишкүл апа жардам берген. Жеңишкүл апа акылдуу аял болгон, анын айткан кеңештери жана насааты үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодо, ошондой эле бизнести туура жүргүзүүдө жардам берди.

  «Кайненем абдан күчтүү, жаны тынбаган жана таза аял болгон, соодадан түшкөн акчаны ал кагазга ороп, жазып койчу», - деп жылмаюу менен эскерет Жылдыз.

Мектеп ашканасында иштеп жүрүп Жылдыз балдар үчүн туура жагыштуу тамактануунун маанисин түшүнгөн. Коомдук тамактануу жаатындагы тажрыйба жана агрардык ишти билүү жаңы бизнес идеянын башталышы болуп калган. Ал эт-сүт азыктарын жеткирүүчүлөрдүн ишин изилдеп чыккан. 2014-жылы мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталып, ушул учурдан тартып ар кандай тендерлерге катышып, бала бакчаларга жана мектептерге азык-түлүк жеткирүү менен алектенип баштаган.

Жылдыз жолдошу экөө чарбада малдын санын көбөйтүүнү чечишет, анткени жеткирүү көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2021-жылы алар кредит алуу үчүн KICB Банкына кайрылып, ЕРӨБ «Борбор Азияда бизнестеги аялдар» программасынын алкагындагы «Мыкты Айым» атайын сунушу жөнүндө билген. «Мыкты Айым» атайын сунушу жагымдуу пайыздык ченди, күрөө менен камсыздоо боюнча ийкемдүү мамилени жана ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө багытталган банктык продукттардын пайдалуу шарттарын камтыйт.

Бул программада Жылдыз кыска мөөнөттө малдын санын көбөйтүүгө жана дүкөндө товарлардын ассортиментин кеңейтүүгө KICB Банкынан кредит алган. Ошондой эле Жылдыз үчүн жеңилдетилген шарттарда ЭЛКАРТ/Union Pay Classic бизнес карттарын ачуу мүмкүнчүлүгү берилген, бул кардарлар менен иштөөнү кыйла жеңилдеткен.


                   

Жылдыз 11 жылдан бери бизнес менен алектенип келе жатат, алгачкы кыйынчылыктар, уйкусуз түндөр, товарды улам эсептөө, ал гана эмес өрт жана товарды жок кылуу баары артта калды. Ушунун баарын башынан өткөргөн! Көп нерсеге чыдады, аны менен ар дайым бирге болгондор – бул бардык жагынан жардам берген жана жардам көрсөтүүнү улантып келе жаткан анын үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары.

«Бул чынында дем алышсыз жана өргүү жок оор эмгек, мындай иштөө темпине жана мындай чоң жоопкерчиликке баары эле чыдай бербейт», - дейт Жылдыз.

Бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн биргелешкен аракети менен тун уулу Өмүрсултанга «HOWO» маркасындагы жүк унаасын сатып алышкан. Ал азыр 21 жашта, эми ал өлкө ичинде, анын чегинен тышкары жүк ташуу чөйрөсүндө өз бизнесин баштай алат. Ал ушул багытта өнүгүүнү жана ата-энесиндей ийгиликтүү ишкер болууну каалайт.

Азыр Жылдыз 47 жашта, ал аялдар арасындагы мыкты ишкерлердин бири. Күйөөсү менен бирге беш баланы тарбиялап келет, аны бизнес менен үй-бүлөнү айкалыштыруунун ийгиликтүү үлгүсү деп эсептесек болот.

Келечектеги ишкер айымдар үчүн Жылдыздан кеңеш: «Бардык багытта өнүгүп, эч нерседен коркпой, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Жашоо – өзү мыкты мугалим!»