KICB Apple Pay KICB Apple Pay

Apple Pay'дин артыкчылыктары

Ылдамдык

Apple Pay’дин жардамы менен сиз iPhone же Apple Watch аркылуу сатып алууларды KICB картасы менен ылдам жана жеңил жүргүзө аласыз.

Коопсуздук

Apple Pay – төлөмдү сиз эле ишке ашырууга кепилдик берүү максатында сиздин Apple түзүлүшүндөгү коопсуздук функцияларын, анын ичинде Face ID жана Touch ID, ал эми Apple Watch үчүн капталдагы баскычты эки жолку басууну колдонот.

Конфинденциалдуулук

Сиздин картаңыздын номери түзүлүштө да, Apple серверинде да сакталбайт. Ошондой эле төлөм учурунда Apple сатуучуга картаңыздын номерин бербейт. Бул маалыматтар сыр бойдон сакталып, шылуундардан коргоону үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ыңгайлуулук

Капчыгыңызды коркпой эле үйдө калтыра бериңиз. Apple Pay’дин жардамы менен сиз iPhone же Apple Watch аркылуу эле сатып алууларды ишке ашыра аласыз. Apple Watch, iPhone телефонуңузду эсептөөчү түзүлүшкө жакындатуу гана жетиштүү.

Дүйнө жүзү боюнча төлөмдөр

Apple Pay менен төлөө дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон соода жайлары жана сайттар.

Автономдуулук

Смартфонуңуз интернетке туташпаса да, POS-терминалдардан сатып алууларды жүргүзө аласыз.

KICB картасын Apple’ге кантип кошсо болот?

Добавление карты в приложении KICB

KICB мобилдик тиркемесинде

  1. iPhone телефонуңуздагы KICB мобилдик тиркемесин ачыңыз
  2. «Карталар жана эсептер» бөлүмүнө кириңиз
  3. Visa же Mastercard картасын тандаңыз
  4. Apple Wallet баскычты басыңыз.
  5. Экрандагы жөнөкөй нускаманы аткарып, келишимдин шарттарына макул болуңуз.
  6. Карта колдонууга даяр.
  7. Apple Wallet тиркемесин ачыңыз. KICB картасынын сүрөтүн басып, аны алдыңкы планга жылдырыңыз. Эми ал негизги карта болуп калат.
Добавление карты в Apple Wallet

Apple Wallet

  1. iPhone телефонуңуздагы Wallet тиркемесине кириңиз
  2. Оң жактагы жогорку бурчтагы «+» белгисин басыңыз.
  3. «Дебеттик же кредиттик картаны» тандаңыз.
  4. iPhone телефонуңузду картанын арткы жагына жакындатыңыз же картадагы маалыматтарды кол менен киргизиңиз
  5. Карта колдонууга даяр
  6. Apple Wallet тиркемесин ачыңыз. KICB картасынын сүрөтүн басып, аны алдыңкы планга жылдырыңыз. Эми ал негизги карта болуп калат.

Маанилүү: Банк текшерүүчү SMS кодду сиздин түзүлүшкө кирүү үчүн эле жөнөтөт. Эч качан жана эч кимге бул кодду айтпаңыз. Банктын кызматкерлери эч качан SMS билдирүүдөгү текшерүүчү кодду сурабайт.

Сатып алууларды кантип ишке ашыруу керек?

iPhone телефону аркылуу төлөө

iPhone телефону аркылуу төлөө:

  • Face ID менен: iPhone телефондун капталындагы баскычты эки жолу басыңыз, аутентификацияны жүзүңүз аркылуу өтүңүз жана телефонуңуздун үстүңкү жагын POS-терминалга жакындатыңыз.
  • Touch ID менен: Touch ID датчигине бармагыңызды коюп, смартфонду терминалга жакындатыңыз.
Apple Watch менен төлөө

Apple Watch менен төлөө:

  1. Сааттын капталындагы баскычты эки жолу басыңыз.
  2. Apple Watch дисплейин байланышсыз эсептегичке бир нече сантиметр аралыгында жакындатыңыз.
  3. Төлөмдүн ишке ашырылганын тастыктаган жеңил вибрациялык белгини күтүңүз.

FAQ

  • Apple Pay’ге KICBнин кайсы карталарын кошсо болот?

    Apple Pay’ге KICB тарабынан чыгарылган Visa жана Mastercard карталарын кошсоңуз болот.

  • Бир картаны бир нече гаджеттерге туташтыруу мүмкүнбү?

    Ооба, сиз Visa картасын бир эле убакта өзүңүздүн iPhone, Apple Watch жана iPad’га туташтырсаңыз болот.

  • Apple кайсы түзүлүштөрүндө бул сервис иштейт?

    Face ID/Touch ID функциясы бар бардык iPhone моделдеринде (iPhone 6дан баштап), Apple Watch сааттарында, ошондой эле тиркемелердин ичинде жана сайттарда сатып алууларды жүргүзүү үчүн iPad жана Mac түзүлүштөрүндө иштейт.

  • Apple Pay менен чет өлкөдө төлөсө болобу?

    Ооба. Сиз Visa байланышсыз карталары кабыл алынган бардык жерде төлөй аласыз. Валютаны конвертациялоо сиздин KICB картаңыздын стандарттык тарифтери боюнча жүргүзүлөт.

  • Apple Pay менен тиркемелерде жана сайттарда төлөсө болобу?

    Ооба, интернет-дүкөндөрдө же тиркемелерде (мисалы, Glovo, Яндекс) буйрутма берүүдө төлөм ыкмасы катары кара түстөгү «Apple Pay менен сатып алуу» баскычын тандаңыз.

  • Кассада төлөө үчүн телефондо интернет болушу керекпи?

    Жок. Интернет картаны Wallet'ке кошуп жаткан учурда гана керек болот. POS-терминал аркылуу сатып алууларды төлөө үчүн интернеттин кереги жок.

  • Эгерде түзүлүш (телефон/саат) жоголуп кетсе же уурдалса эмне кылуу керек?

    Тезинен «Локатор» (Find My) аркылуу жоголуу режимин күйгүзүңүз же Apple Account аркылуу карталарды Wallet'тен өчүрүңүз. Карталарды бөгөттөө үчүн KICB байланыш борборуна (24/7) 8787 номери боюнча токтоосуз кайрылыңыз.

KICB колдоо кызматы

Эгерде сизде картаны кошуу боюнча суроолор жаралса, биз жардам берүүгө даярбыз:

  • • KICB мобилдик тиркемесинин «Билдирүүлөр» бөлүмүндө, жогорку оң бурчунда
  • 8787 (КР мобилдик операторлорунан чалуу үчүн акысыз кыска номер)
  • +996 (312) 62 01 01 (Шаардык номерлер жана эл аралык чалуулар үчүн)
  • +996 (704) 62 01 01 (Расмий WhatsApp каналы)