Кара-Кулжалык Зымырат Ысмаилованын ийгилик окуясы

Кара-Кулжалык Зымырат Ысмаилованын ийгилик окуясы

                   

Байыртадан эле төшөктөр көчмөн кыргыздардын тиричилигинде маанилүү орунду ээлеген. Аларга жатып укташкан, ага отуруп тамактанышкан, меймандарды тосуп алышкан. Алар кыргыз элинин үйүндө маанилүү буюм болгон жана боло берет, төшөктөр келиндин себинин бир элементи, аны кыргыздар «Кызга Сеп» деп аташат. Төшөк, жаздыкча даярдоо майда кол эмгегинен улам көп убакытты, күчтү жана сабырдуулукту талап кылат.

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын жашоочусу өзүнүн кызыккан ишин – улуттук буюмдарды тигүүнү – «Кызга Сеп» деп аталган ийгиликтүү бизнеске айландырды. Зымырат 1987-жылы Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында туулган. 2006-жылы Кеңеш айылындагы орто мектепти аяктаган жана 2006-жылы ОшМУ Журналистика факультетине тапшырган. 2011-жылы университетти ийгиликтүү аяктап, Бишкек шаарына жумушка орношуу үчүн келген, бирок адистиги боюнча жумуш таба алган эмес. Ошол эле жылы Зымырат өзүнүн биринчи кичинекей тигүү цехин ачкан. Беш жыл иштеп, жүгүртүү каражаттарынын тартыштыгынан жана анын өндүрүмүнө суроо-талаптын аздыгынан улам, цехти жаап, Россияга иштегени кетүүгө аргасыз болот.  Москвада төрт жыл иштеп Зымрат акча каражатын топтоп, үйгө кайтып келип, кайрадан тигүү цехин ачууну, бирок бул ирет Ош шаарында ачууну чечет. 2021-жылдан тартып ал өз өндүрүмүн сатып баштаган, анын өндүрүмү жеткиликтүү баадагы жогорку сапат менен айырмаланат.

Акыркы жылдары мындай товарларга суроо-талап жогорулап, Зымыраттын бизнеси жакшы өнүгүп жаткан. Бирок акчанын тартыштыгынан улам, акча түшкөндө гана буйрутманы даярдоо үчүн керектүү материалдарды сатып алуу үчүн Кара-Суу шаарындагы базарга барууга аргасыз болгон. Буга ал көп убакыт, ресурс жана күч сарптаган.

Зымырат Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Борбор Азиядагы бизнестеги айымдар» программасынын алкагында KICB банкынан «Мыкты Айым» атайын сунушу жөнүндө биринчи жолу укканда мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланууну чечет жана бизнесин өнүктүрүүгө кредит алат. Кредитти алгандан кийин ал ири партия менен керектүү материалдарды сатып алып, учурдагы жана жаңы кардарлардан көп буйрутмаларды алып, бизнесинин кирешесин көбөйттү. Ошондой эле Зымырат ЭЛСОМ электрондук капчыгынын жардамы менен өзүнүн жана кардарларынын убактысын үнөмдөөгө аракет кылат. Кардарлар капчык аркылуу өндүрүмгө төлөшөт, ал эми Зымырат реалдуу убакыт режиминде төлөмдү көзөмөлдөп турат. 

Ишкер айым мындан ары да бизнесин өнүктүрүүнү, жаңы идеяларды киргизүүнү, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү жана өсүүнүн жаңы деңгээлине чыгууну кыялданат. Бул үчүн Зымырат келечекте ЕРӨБ «Борбор Азиядагы бизнестеги айымдар» программасынын алкагында сунушталган семинарларда окууну пландаштырып жатат. Ошондой эле ал кесипкөй жана тажрыйбалуу тренерлердин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө абдан кызыгат. Бардык алган билимин коюлган максаттарды жүзөгө ашырууда пайдаланат, бул максаттар анын бизнесинин гүлдөп өсүшүнө алып келет деп үмүттөнөт..