-
эң төмөн KGS 20000
-
KGS
эң төмөн 22*%
-
-
Кредиттин суммасы: 20 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин
-
Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин
-
Пайыздык чен: жылдык 22%дан баштап
-
Натыйжалуу пайыздык чен: 24,09%дан баштап
-
Кредит KyrSEFF программасынын алкагында энергияны үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке ашыруу үчүн берилет, анын ичинде:
-
• энергияны үнөмдөөчү терезелерди орнотуу, лоджияларды жана балкондорду айнектөө;
-
• дубалдарды, чатырларды жана полдорду жылуулоо;
-
• жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу;
-
• абаны рекуперациялоо менен желдетүү системаларын орнотуу;
-
• энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну (LED) орнотуу;
-
• кондиционерлерди (A+ жана андан жогору класстагы сплит-системалар) орнотуу;
-
• күн системаларын (коллекторлор, фотоэлектр панелдери) орнотуу;
-
• сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү (аралаштыргычтар, душ насадкалары, үнөмдүү унитаздар, жаан суусун чогултуу системалары, тамчылатып сугаруу);
-
• A+ жана андан жогору класстагы муздаткыч жана тоңдургуч жабдууларын сатып алуу;
-
• KyrSEFF программасынын талаптарына ылайык турак жайдын энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана сууну үнөмдөөгө багытталган башка иш-чаралар.
-
Жабдуулардын жана иш-чаралардын толук тизмеси: www.kyrseff.kg
-
Кошумча артыкчылыктар
-
Кредитти тариздөө менен сиз төмөнкүлөрдү аласыз:
-
• акысыз техникалык колдоо;
-
• KyrSEFF программасынын адисинин консультациясы;
-
• энергия үнөмдөөчү иш-чаралар ийгиликтүү ишке ашырылган учурда инвестиция суммасынын 10%га чейинки грантын алуу мүмкүнчүлүгү.
-
Гранттын өлчөмү долбоордун түрүнө жана инвестициянын көлөмүнө жараша KyrSEFF программасынын адиси тарабынан жекече аныкталат.
-
Камсыздоо
-
Ийкемдүү мамиле. Камсыздоонун мүмкүн болгон түрлөрү: кепилдик, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк.

Кредит алуу үчүн билдирме
Сизге да кызык болушу мүмкүн
Жанылыктар
-
«Бишкек Парк» СК кардарлары үчүн кулактандыруу
Техникалык себептерге байланыштуу «Бишкек Парк» Сактык кассасы убактылуу жабык экенин билдиребиз. Келип чыккан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана кызматтарды калыбына келтирүү боюнча кошумча маалыматты кийинчерээк беребиз.
Сураныч, суроолор боюнча эң жакынкы филиалдарга кайрылыңыз: -
«Восточная» СК кардарлары үчүн кулактандыруу
2026-жылдын 27-майынан 29-майына чейин «Мадина» соода борбору Курман айт майрамына карата жабылганына байланыштуу, Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү, 223 дарегиндеги СК №046-1-14 «Восточная», Мадина соода борбору да 27-майдан 29-майга чейин жабык болот.
-
Бириккен Араб Эмираттарында эс алуу күнү
26.05.2026-29.05.2026 Бириккен Араб Эмираттарында расмий эс алуу күндөрү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, дирхам (AED) валютасындагы төлөмдөр боюнча валюталоо күнү – 01.05.2026.

