Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы

Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы
Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы
Кванг Янг Чой атындагы стипендиясы

СТИПЕНДИЯ ЖӨНҮНДӨ

KICB 2024-жылдын 19-августунда көрүнүктүү банкир жана «Кыргыз-Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКнын биринчи жетекчиси – негиздөөчүсү Кванг Янг Чой атындагы стипендияны негиздеди.

Стипендия ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу жана финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан таланттуу жаштарга жогорку же кесиптик орто атайын билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен, аларга колдоо көрсөтүүгө багытталган. KICB мындай жол менен өнүгүүгө умтулган, бирок билим берүү ресурстарына жетүүдө кыйынчылыкка кабылган жаштарга колдоо көрсөтө аларына ишенет.

Кванг Янг Чой атындагы стипендия – KICB банкынын туруктуу өнүктүрүү максаттарына жана ESG саясатына (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу саясаты) жактоочулугунун бир бөлүгү гана.

Стипендия 1000 (бир миң) АКШ долларына чейинки өлчөмдө жана КР сому менен эквивалентте Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде бир окуу жылында окуу акысын төлөө үчүн кыргызстандык студенттерге берилет. Стипендиат академиялык жетишкендиктин жогорку деңгээлин көрсөтсө, стипендия кийинки окуу жылдарына узартылышы мүмкүн.

СТИПЕНДИЯНЫ АЛУУ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР:

  1. Жарандык: Стипендия Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган студенттерге гана ыйгарылат;

  2. Академиялык жетишкендик: жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары 150 баллдан жогору болгон абитуриенттер; академиялык жетишкендиктери жогору болгон 1-4-курстардын студенттери. Магистранттар сынакка катыша алышпайт.

  3. Социалдык абал: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу жана финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан 16 жаштан 24 жашка чейинки курактагы жаштар.