УЛУТТУК ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАЛАРЫНДА БАНК ЭСЕПТЕРИН АЧУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ КЕЛИШИМИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЙКЫН ОФЕРТА

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Ушул Оферта Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык айкын деп эсептелет жана «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКнын (мындан ары – Банк) шарттары ушул Офертада камтылган, Банк менен Улуттук жана чет өлкө валюталарында банк эсептерин ачуу жана жүргүзүү келишимин (мындан ары – Келишим) түзүү боюнча укукка жана аракетке жөндөмдүү жеке жактын/жеке ишкердик/юридикалык жактын (мындан ары текст боюнча – Кардар) дарегине сунушу болуп саналат.

1.2.     Келишим Кардар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Банктын локалдык ченемдик актыларынын талаптарына ылайык Эсепти ачуу үчүн керектүү документтерди берген шартта, ушул Офертаны толук жана шартсыз акцепттөөнү жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 402-беренесине ылайык Кардар тарабынан Келишимдин бардык шарттарын кабыл алуусун билдирген, улуттук жана чет өлкө валюталарында эсеп ачууга кардардын арыз-анкетасына (мындан ары – «Эсеп ачууга арыз») Кардар кол койгон учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

1.3. Ушул Офертанын толук жана шартсыз акцептин билдирген эсепти ачууга арыз Улуттук жана чет өлкө валюталарында банк эсебин ачуу жана жүргүзүү келишимин түзүүгө ушул Офертанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

1.4.   Ушул Оферта алы күчүн жоготту деп таанылган же жаңы оферта жарыяланган учурга чейин күчүндө болот.

2. КЕЛИШИМДИН ЖОБОСУ

2.1.    Эсептик-кассалык тейлөөнү жүргүзүү үчүн Банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана ушул Келишимдин талаптарына ылайык, Кардарга Эсеп ачууга арызда көрсөтүлгөн валютада бир же бир нече банк эсептерин (мындан ары – «Эсеп») ачат.

2.2.   Банк түшкөн акча каражаттарын кабыл алат жана Кардардын Эсебине чегерет, Эсептен акча каражаттарын чегерүү жана берүү жөнүндө Кардардын буйруусун аткарат жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Келишимге ылайык Эсеп боюнча башка операцияларды жүргүзөт.

2.3.        Кардар Банктын тарифтерине (мындан ары – «Тарифтер») ылайык Банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө, ошондой эле ага таандык Эсепте турган акча каражаттарын ушул Келишимде, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКда «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасын берүү жана пайдалануу эрежелеринде» жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда тескөөгө милдеттенет.



3. ЭСЕПТИ АЧУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ ТАРТИБИ

3.1.     Банк анын Банк белгилеген форма боюнча эсепти ачууга жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана Кардар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Банктын талаптарында каралган, тиешелүү түрдө таризделген документтердин толук пакетин берген шартта Кардардын атына/аталышына Эсеп ачат.

3.2.   Банк Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик актыларына жана Банктын ички ченемдик документтерине ылайык Кардардын тапшырмасы боюнча эсептешүү операцияларын жүргүзөт.

3.3.   Кардардын Эсебинен акча каражаттарын эгерде ушул Келишимде башкача каралбаса, Банк Кардардын буйруусун алгандан кийин гана чыгарат (төлөйт, чегерет, башка финансы кызматтарын көрсөтөт). Кардардын Эсебинен бардык төлөмдөр Эсептеги каражаттардын калдыктарынын чегинде жүргүзүлөт.

3.4.       Эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө Кардар Банкка Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин берүүгө тийиш.

3.5.     Кардар Банкка берген ар кандай документтер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек, ал эми зарыл болгондо Банк берген форма жана үлгү боюнча толтурулушу керек. Банкка берилген документтерде гель калемсаптарды колдонууга тыюу салынат.

3.6.    Кардар берген ар кандай документтердин мазмуну, мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликти Кардар өз алдынча тартат.

3.7.   Банк Кардардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, банк эрежелерин, ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы жөнүндө тастыктаган фактылар болгондо, Кардарга эсептик-кассалык операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

3.8.   Банк Кардардан операциянын, анын ичинде жүргүзүлгөн операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтерди берүүнү талап кылууга укуктуу (мисалы, Кардар төлөөгө көрсөткөн эсептер, келишимдер ж.б.). Кардар талап кылынган документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, Банк Эсеп боюнча ар кандай операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу жана ушул Келишимди алдын ала билдирүүсүз бир тараптуу тартипте бузуу укугун өзүнө калтырат.

3.9.   Эгерде Кардар Банка суммасы анын Эсебинде пайдаланууга жол берилген калдыктан ашкан бир нече нускаманы тапшырса, Банк өзүнүн кароосу боюнча же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алардын түшүү кезектүүлүк тартибинде Кардардын тапшырмаларын аткарат.

3.10.      Банк эгерде бул Банктын пикири боюнча максатка ылайыктуу болуп саналса, ар кандай транзакцияны аткаруу үчүн үчүнчү тараптын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга ыйгарым укуктуу. Банк үчүнчү тарап Кардардын тапшырмаларын аткарууда жол берген ката, кечиктирүү же так эместик үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

3.11. Эсеп боюнча жүргүзүлүүчү бардык төлөмдөр жана операциялар Эсептин валютасында жүргүзүлөт. Төлөмдөрдү чет өлкө валютасында/Эсептин валютасынан айырмаланган валютада жүргүзүү үчүн, Банк өзүнүн кароосу боюнча кадимки банк практикасына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу конвертациялоо ставкасын колдоно алат.



3.12. Банк тиешелүү тарифтерге ылайык, комиссиялык жыйымдар катары төлөнүүгө жана акча каражаттарын бир валютадан экинчи валютага которууга байланыштуу башка чыгымдарды жабууга тийиш болгон ар кандай суммаларды өндүрүп алууга укуктуу. Банк конверсиялык операцияларды жүргүзүү боюнча, ошондой эле банк ишинин нормалдуу режимине ылайык Банк негизсиз кечиктирүүлөргө жол бербеген шартта, мыйзамдын талаптарына ылайык Банк тарабынан конверсиялык операцияларды жүргүзүүнүн иш жүзүндөгү графигинен улам жаралган ар кандай чыгымдарга карата жоопкерчилик тартпайт.

3.13. Ага ылайык ушул Келишим боюнча тейлөө жүргүзүлүүчү Банктын Тарифтери Банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана мезгил-мезгили менен каралып турат. Колдонуудагы Тарифтер Кардарга Банктын имараттарында, анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө, www.kicb.net сайтында маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.

3.14.   Банктын операциялык күнү – Банк ошол күнү эсептик-операциялык ишти жүргүзгөн убакыт. Төлөм документтери Кардарларды тейлөө үчүн Банк тарабынан белгиленген убакыт аралыгында аткарууга кабыл алынат. Күндөлүк операциялык күн аяктагандан кийин Банкка түшкөн документтер Банк тарабынан кийинки операциялык күнү аткарууга кабыл алынат. Жумуш убактысынын узактыгы жөнүндө маалымат аны Банктын бөлүмдөрүндө жайгаштыруу, маалыматты Банктын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу Кардарларга маалымдалат.

3.15.   Кардар тарабынан Банкка төмөндөгүлөр, анын ичинде, бирок чектелбестен: бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде идентификациялык маалыматтарынын, дарегинин, телефон номерлеринин, жеке курам реквизиттеринин жана Эсепти тескөө боюнча ыйгарым укуктарына байланыштуу кызмат адамдарынын (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн) жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык башка маалыматтын өзгөргөнү тууралуу билдирилбеген/өз убагында эмес билдирилген учурларда, Банк Кардар акча каражаттарын албоонун/чегербөөнүн, өз убагында эмес алуунун/чегерүүнүн кесепетинде тартышы мүмкүн болгон ар кандай чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3.16.      Ушул Келишимди түзүү менен Кардар ал акча каражаттарынын мыйзамдуу ээси экенин ырастайт же алардын анык ээси тууралуу маалыматты берет, ал эми анын Эсебине түшкөн акча каражаттары мыйзамдуу/легалдуу экенин ырастайт.

3.17.   Банк кандайдыр бир каталар, кайтарып берүүлөр, башка мамлекеттердин экономикалык санкциялары, анын ичинде соода, же финансылык тыюу салуулар, чектөөлөр, ошондой эле банк-корреспондент (үчүнчү тарап) тарабынан которууларды блокировкалоо, же банккорреспондент, субагенттер жана башка агенттер жол берген туура эмес иш-аракеттер үчүн, анын ичинде корреспонденттердин төлөмдөрдү аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Ошондой эле Кардар Банктын жана анын банк-корреспонденттеринин жана/же субагенттеринин ортосундагы макулдашууларга, анын ичинде корреспонденттик эсептерди жүргүзүү тартиби боюнча макулдашууга тиешелүү маселелер боюнча жана аларды тейлөө тарифтери боюнча, банк-корреспонденттин башка корреспонденттер менен тарифтери (анын ичинде корреспонденттердин Кардардын негизги которуу суммасынан өз комиссияларын алуусу) боюнча Банкка эч кандай дооматтарды койбоого макул. Ошондой эле Кардар себептерин тактабастан жана тастыктаган документтерди талап кылбастан, корреспонденттик эсеп аркылуу Кардардын төлөмдөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө корреспондент-банктын нускамаларына алдын ала өзүнүн макулдугун берет.



3.18.      Банк кардар кирген төлөмдөр үчүн актуалдуу банк реквизиттерин пайдаланбаган учурда жоопкерчилик тартпайт.

3.19.      Кардар мыйзамдын талаптарына ылайык, эгерде Кардар мамлекеттик адам, мамлекеттик кызматкер же алардын жакын тууганы болсо, анын эсептери (аманаттары) жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүүгө шартсыз макулдугун берет.

3.20. Кардарларды тейлөөдө Банк ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өз ара аракеттенүү жана жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, төмөнкүлөрдү сактоо:

·         кардар менен баарлашууда этикеттин эрежелери;

·         банк кызматкери жана кардар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл операцияларды жасаганда кардарды коштоп жүрүү эрежелери;

·         эң ыңгайлуу тейлөө үчүн колдо болгон чараларды колдонуу;

·         эгерде кардар байланыштын башка ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен байланышуу;

·         процессте стресс факторлорун минималдаштыруу жана кардарды тейлөөнүн банктык жол-жоболорун толук (деталдуу) түшүндүрүү.

Ошол эле учурда көрүү же угуу жагынан майып кардарлар ыктыярдуу түрдө Банктын расмий сайтынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк эсебин ачуу жана жүргүзүү келишиминин текстинин аудио репродукциясын же сурдокотормосун ала алышат: www.kicb.net.

 

4. «KICB» / «KICB BUSINESS» ИНТЕРНЕТ БАНКИНГ СИСТЕМАСЫН ПАЙДАЛАНУУ

4.1.    «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасына кошулган кардар, жеке эркин жана өз кызыкчылыктарын жетекчиликке алат, Банк тарабынан белгиленген жана Кардар тарабынан сакталышы милдеттүү болуп саналган, интернет тармагында Банктын корпоративдик сайтында: www.kicb.net жайгаштырылган, Кардарга ал үчүн ыңгайлуу болгон каалаган убакта жеткиликтүү болгон «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКда «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасын берүү жана пайдалануу эрежелерине» кошулат жана кабыл алат.

5. БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ ТӨЛӨӨ ЖАНА ЭСЕПТЕШҮҮ ТАРТИБИ

5.1.      Эсептик-кассалык тейлөө жана ушул Келишимге ылайык жеткиликтүү болгон башка операциялар боюнча Банктын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы операцияны жүргүзүү учурунда колдонулган Тарифтер менен аныкталат.

5.2.    Тарифтердин, башка колдонуудагы атайын шарттардын же макулдашуулардын жана ушул Келишимдин ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда, Тарифтер, атайын шарттар же макулдашуулар артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

5.3. Пайыздардан, алымдардан, Эсепти жүргүзүү үчүн акыдан жана Тарифтерге ылайык төлөнгөн комиссиялардан тышкары, Кардар өз Эсебинин операциялары боюнча бардык чыгымдарды тартат, анын ичинде, бирок чектелбестен үчүнчү тараптын комиссиялык жыйымдары, почта чыгымдары, мамлекеттик алым, салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана юридикалык коргоо үчүн акы, Банктын байланыш чыгымдарын (телефон, телекс, телеграф, интернет ж.б.) тартат (жалпысынан жана мындан ары - «Чыгымдар»).



5.4.     Эсептешүү операциялары боюнча Банктын ар кандай кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын төлөө ар бир жүргүзүлгөн операция үчүн аны аткарган күнү Банктын колдонуудагы Тарифтерине ылайык Банк тарабынан Кардардын Эсебинен каражаттарды акцептсиз чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

5.5. Эсепте турган акча каражаттарына пайыздар Банк тарабынан чегерилбейт жана төлөнбөйт.

6. КАРДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

6.1. Кардар милдеттүү:

6.1.1.    Эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн Банктын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү түрдө таризделген жана туура маалыматты камтыган документтерди берүүгө.

6.1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Банктын ички ченемдик документтерине жана ушул Келишимге ылайык өз ишин жүргүзүүгө жана Банкта ачылган Эсепти пайдаланууга.

6.1.3. Банк көрсөткөн кызматтарды кандайдыр бир мыйзамга каршы максаттарда пайдаланбоого; кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик/экстремисттик ишти каржылоого жана массалык жок кылуучу куралды жайылтууга багытталган эч кандай иш-аракеттерди (операцияларды) жүргүзбөөгө.

6.1.4.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына ылайык террористтик/экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды жүзөгө ашыруу максатында Банктын суроо-талабы боюнча Банкка кошумча маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде Кардарды жана бенефициардык ээсин(-лерин) идентификациялоо жана верификациялоо үчүн керектүү маалыматтарды, жүргүзүлгөн операциялар боюнча тастыктаган документтерди берүүгө.

6.1.5. Ушул келишимдин шарттарына ылайык Банктын кызмат көрсөтүү наркын төлөөгө.

6.1.6.       Кардардын Эсебине акча каражаттары туура эмес чегерилген же Эсептен акча каражаттары туура эмес чыгарылган учурда, туура эмес жүргүзүлгөн операция жөнүндө Банкка токтоосуз билдирүүгө жана эсеп боюнча көчүрмө алган жана/же Банк ар кандай жеткиликтүү ыкма менен билдирүү жөнөткөн учурдан тартып 5 (беш) банк күнүнөн кеч эмес Эсепке туура эмес чегерилген акча каражаттарын кайтарып берүүгө.

6.1.7.        Банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде идентификациялык маалыматтарынын, дарегинин, телефон жана факс номеринин, Эсепти тескөө боюнча ыйгарым укуктарга байланыштуу жеке курамдын жана кызмат адамдарынын реквизиттеринин (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн) өзгөргөнү тууралуу токтоосуз билдирүүгө. Төлөм документтеринде биринчи же экинчи кол тамга укугун пайдаланган жаңы адамдарды дайындаган ошондой эле мөөр өзгөргөн учурда (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн), Кардар 1 (бир) операциялык күн ичинде бул тууралуу Банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө жана кол тамгалардын жана мөөрдүн үлгүлөрү бар банк карточкасын жаңы адамдарга кайра тариздөөгө милдеттенет. Кардар ушул пунктта көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр тууралуу Банкка билдирбөө, ага тете өз убагында эмес билдирүү үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алат.

6.1.8.    Кирген жана чыккан төлөмдөр боюнча өзүнүн контрагенттерине төлөм реквизиттерин (атап айтканда, туура аталышы, эсеп номери, багыты жана башкалар) туура жана өз убагында билдирүүгө. Так эмес реквизиттерди камтыган төлөм документтери боюнча акча



каражаттары түшкөндө, Банк акцептсиз тартипте Кардардын Эсебинен акча каражаттарын чыгарат жана аларды төлөөчүгө кайтарып берет.

6.1.9. Кардар 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдон же 10 000 (он миң) АКШ долларынан ашкан суммада нак акча каражаттарын эсептен алуу жөнүндө 2 (эки) жумуш күн мурун, ошондой эле 5 000 000 (беш миллион) сомдон же 100 000 (жүз миң) АКШ долларынан ашкан суммада Эсептен нак эмес каражаттарды чегерүү жөнүндө 2 (эки) жумуш күн мурун жазуу жүзүндө Банкка билдирүүгө милдеттенет.

6.1.10.    Кардар 30 (отуз) календардык күндө бир жолудан кем эмес ага таандык Эсептерге өз алдынча текшерүү/мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү, бул үчүн Эсептер боюнча көчүрмө алып жана/же «KICB»/ «KICB BUSINESS» кызматын пайдалана алат. Эгерде көчүрмө берилген учурдан тартып 5 (беш) операциялык күн ичинде Кардардан эскертүүлөр түшпөсө, көчүрмө Кардар тарабынан тастыкталды жана кабыл алынды деп эсептелет.

6.1.11.   Эгерде Банкта операция жүргүзүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугунда жана/же мыйзамдуулугунда шектенүү жаралса, Кардар Банктын талабы боюнча операциянын мыйзамдуулугун жана экономикалык максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтерди берүүгө милдеттенет. Мындай документтер Кардарга берилген эсептер, Кардар менен түзүлгөн келишимдер, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп- фактуралар) ж.б. болушу мүмкүн.

6.2. Кардар укуктуу:

6.2.1.    Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында, Банктын ички ченемдик документтеринде жана ушул Келишимде белгиленген тартипте анын Эсебинде турган акча каражаттарын өз алдынча тескөөгө.

6.2.2. Кардардын Эсеби боюнча операцияларга тиешелүү суроо-талаптарды берүүгө.

6.2.3. Эсептик-кассалык тейлөөгө байланыштуу жазуу жүзүндө эскертүүлөрдү билдирүүгө. Каалаган учурда алар менен Банктын имаратында, анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрдө, www.kicb.net сайтында таанышып, электрондук почта аркылуу маалыматтык билдирүү же Банкка кайрылып кагаз түрүндө Банктын колдонуудагы Тарифтерине байланыштуу маалыматты алууга.

6.2.4. Дене бой кемчиликтеринен улам жеке кол тамгасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгүнөн чектелген Кардар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кардардын жеке кол тамгасын толук алмаштыра турган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик кол тамгасын пайдалануу менен ушул Келишимди жазуу жүзүндө түзүүгө укуктуу. Мында Кардар Банкка нотариус берген факсимилдик кол тамгасынын (факсимиле) аныктыгы жөнүндө күбөлүктү берет.

7. БАНКТЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

7.1. Банк милдеттенет:

7.1.1. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Келишимге ылайык Кардарды эсептик-кассалык тейлөөнү жүргүзүүгө.

7.1.2. Колдонуудагы Тарифтерге ылайык Кардардын Эсептерин тейлөө үчүн комиссия алууга.

7.1.3. Ушул Келишимде белгиленген учурлардан тышкары, Банк Кардардан төлөм тапшырмасын алгандан кийинки операциялык күндөн кеч эмес анын Эсептеринен төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө Кардардын буйруусун аткарууга.



7.1.4.    Кардардын Эсептерине түшкөн акча каражаттарын Банкка тиешелүү төлөм документи түшкөн күндөн кийинки күндөн кеч эмес чегерүүгө. Тастыктаган документтер берилбеген учурда, Банк 3 жумуш күнгө чейин ички контролдун алкагында тастыктаган документтерди бергенге чейин суммасы блокировкалоого укуктуу.

7.1.5.   Кардардан ачылган Эсептердин валютасында (кыргыз сому, америка доллары, евро, казак тенгеси, россия рубли) нак акча каражаттарын кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кайра эсептөөгө жана Кардардын Эсебине чегерүүгө.

7.1.6. Кардардын Эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар боюнча банк сырын сактоого, Кардардын өзү жөнүндө маалыматты жашыруу сактоого, Эсептердин абалы жана ал боюнча операциялар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Кардардын макулдугусуз берүүгө жол бербөөгө.

7.1.7.    Кардардын суроо-талабы боюнча жана Банктын Тарифтерине ылайык, операция жүргүзгөндөн кийин Эсеп боюнча операциялар жөнүндө көчүрмөлөрдү жана керектүү эсептешүү документтеринин түп нускаларын/көчүрмөлөрүн берүүгө. Эгерде көчүрмөнү берген учурдан тартып 5 (беш) операциялык күн ичинде Кардардан эскертүүлөр түшпөсө, көчүрмө Кардар тарабынан тастыкталды жана кабыл алынды деп эсептелет. Кардардын Эсеби боюнча ар кандай маалым каттар/көчүрмөлөр Банк тарабынан Банк белгилеген формалар боюнча жана тартипте таризделет.

7.1.8.    Эсептик-кассалык тейлөөгө байланыштуу маселелер боюнча Кардарга консультация берүүгө

7.2. Банк укуктуу:

7.2.1.      Кардардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын жана көрсөтмөлөрүн, банк эрежелерин, ушул Келишимди, ошондой эле эсептик документтерди тариздөө тартибин жана аларды берүү мөөнөтүн бузгандыгын тастыктаган фактылар болгондо, Банкка берилген документтерде мөөр булганган (даана эмес), кол тамгалар даана эмес жана үлгүлөргө ылайык келбегенде, же эсептик-кассалык документтердин аныктыгына жана кол тамгалардын ишенимдүүлүгүнө шектенүүлөр болгондо Кардарга Эсеп боюнча эсептик- кассалык операцияларды жүргүзүүдөн, нак акчаны берүүдөн баш тартууга.

7.2.2. Эсепти кредиттөө же дебеттөө боюнча талашсыз-жаңылыш жазуу аныкталган учурда, мындай аныктоо убактысынан көз карандысыз, Кардар менен кошумча макулдашуусуз тиешелүү оңдоолорду жүргүзүүгө.

7.2.3. Кардардан акча каражаттарын төлөө же которуу боюнча кеңири нускама жок болгондо Кардар берген маалымат боюнча акча каражаттарын төлөө же которуу боюнча буйрууну аткарууга. Ошол эле учурда Банк мындай тапшырууларды кабыл алууга байланыштуу үчүнчү тараптын алдында жоопкерчилик тартпайт.

7.2.4. Санкциялык тизмеге киргизилген же эгерде Кардарга жана бенефициардык ээсине карата террористтик/экстремисттик ишке жана массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууга катышканы жөнүндө маалымат болсо, Кардарга алдын ала билдирүүсүз Кардардын операциясын (бүтүмүн) жана/же каражаттарын токтоосуз тоңдурууга.



7.2.5.      Эгерде Кардарга жана/же бенефициардык ээсине карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышканы жөнүндө маалымат болсо, Кардардын операциясын (бүтүмүн) токтотууга.

7.2.6. Жүргүзүлгөн операциянын мыйзамдуулугун жана экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Кардардын реалдуу экономикалык ишти жүргүзүүсүнүн аныктыгын ырастаган Эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү тиешелүү документтерди суроого (Кардарга берилген эсептер, Кардар менен түзүлгөн келишимдер, контракттар, бажы декларациялары, салык декларациялары, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп- фактуралар) ж.б.). Кардар талап кылынган документти берүүдөн баш тарткан учурда Банк Эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

7.2.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте тиешелүү мамлекеттик жана/же сот органдарынын чечимдерин аткаруу максатында, же ушул Келишим боюнча ар кандай жана бардык сумманы, комиссияны (Банктын тарифтерине ылайык), Банктын чыгымдарын төлөө жана компенсациялоо максатында же бардык түзүлгөн келишимдер боюнча Банктын алдында Кардардын ар кандай милдеттенмелерин төлөө үчүн, ошондой эле Банк акча каражаттарын Кардардын Эсебине жаңылыш чегергенде же жетиштүү мыйзамдуу негиздерсиз башка себептер боюнча кандайдыр бир макулдуксуз жана тапшырмасыз Кардардын Эсебинен, ошондой эле Кардардын Банкта ачылган башка Эсептеринен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте чыгарууга. Эсептин валютасы карыздын валютасынан айырмаланган учурда операция жүргүзүлгөн күнү же акча каражаттары түшкөн/чегерилген күнү Банк/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген курс колдонулат.

7.2.8.    Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кардардын эсебин блокировкалоого укуктуу.

7.2.9. Банк укуктуу: - Эсепте 6 (алты) календардык ай ичинде акча каражаттары/жылыш жок болгон учурда, Эсепти блокировкалоо жөнүндө белгиленген үлгүдө Кардардан арызды алганга чейин эсепти блокировкалоого; - Эсепте 12 (он эки) календардык ай ичинде акча каражаттары/жылыш жок болгон учурда, Эсепти жабууга чейин 1 (бир) ай мурда аны жабдуу жөнүндө Кардарга милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө билдирүү менен, бир тараптуу тартипте Эсепти жабууга. Мында акча каражаттарынын калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар бир кардар боюнча аларды милдеттүү түрдө системадан тышкары эсепке алуу менен «Башка милдеттенмелер» өзүнчө жыйынтыкталган эсепке эске алынат.

7.2.10.        Маалыматты Банктын имараттарында, анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө, www.kicb.net сайтында жайгаштыруу аркылуу тиешелүү өзгөрүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин 10 (он) жумуш күнү мурда Кардарга билдирип, Тарифке, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегине бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.

7.2.11.       Банк жана Кардар үчүн милдеттүү күчкө ээ болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары, Банкта ачылган Кардардын башка Эсептери өзгөргөндө Кардардын макулдугусуз бир тараптуу тартипте Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.

7.2.12.   Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына ылайык, Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында Кардардын операциялары боюнча контроль жүргүзүүгө.



7.2.13.    Ушул Келишим менен белгиленген учурларда Кардарды «KICB»/ «KICB BUSINESS» кызмат көрсөтүүсү менен тейлөөнү бир тараптуу тартипте токтотууга.

7.2.14.     Ушул Келишим менен белгиленген тартипте Банк тарабынан, анын ичинде «KICB»/

«KICB     BUSINESS»    системасы     боюнча     көрсөтүлүүчү     кызматтардын     тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.

7.2.15.     Банк документтердин аныктыгы үчүн, ага тете буйруктагы кол тамга же мөөр кол тамгалардын үлгүлөрүнүн банк карточкасындагы кол тамгалардын же мөөрдүн үлгүлөрүнө дал келген учурларда, жасалма, бурмаланган же мыйзамсыз буйруулардын негизинде Кардардын Эсеби боюнча ар кандай операцияларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

7.2.16.      Эгерде Кардар 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун аныктоо үчүн суралган кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кардардын жана бенефициардык ээсинин акча каражаттарынын келип чыгуу булагын тастыктаган документтерди Банкка бербесе, Банк Кардарга Эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Келишимдин 8.2- пунктуна ылайык Келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.

8. КЕЛИШИМДИН КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ, ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА БУЗУУ

8.1. Келишим Кардар ушул Офертаны Акцепттөө күнүнөн тартып түзүлдү деп эсептелет.

8.2. Банк төмөндөгү учурларда Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу:

▪ Кардар Эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүү, Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо боюнча талаптарды аткаруу жана Кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын жүргүзүү, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди берген эмес;

▪     Кардар Эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, аткарылып жаткан операциянын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Кардардын реалдуу экономикалык ишинин негиздүүлүгүн тастыктаган тиешелүү документтерди берген эмес;

▪ Туура эмес документтер берилген;

8.3.   Ушул Келишим менен Тараптар Кардардын ушул Келишимди бузуу жана Эсептерди жабуу жөнүндө арызы жана эрки төмөндөгү окуялардын бир убакта келип чыгышы болуп саналарын аныкташты:

▪    Банк эсебин ачуу келишимин түзгөн күндөн тартып же Эсеп боюнча акыркы операция жүргүзүү күнүнөн тартып 12 (он эки) календардык ай ичинде Кардардын Эсеби боюнча операциялардын жоктугу (комиссия алуу боюнча Банктын ички операциялары бул тизмеге кирбейт);

▪ Кардардан Эсеп боюнча операция жүргүзүү ниети жөнүндө арыз түшкөн эмес;

▪ Кардардан башка арыз (буйруу) түшкөн эмес. Мында Эсеп Кардарга ушул Келишимди бузуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 1 (бир) ай өткөндө, эгерде бул учурга чейин Кардардан Эсепке акча каражаттары түшпөсө, Кардардан ырастоону алуусуз жабылат.

8.4. Бир тараптуу бузууда ушул Келишим бузулду деп эсептелет:



▪   Банктын демилгеси боюнча – Келишим Банкн Кардарга ушул Келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөткөн учурдан тартып 1(бир) ай ичинде же ушул Келишимдин

8.2 жана 8.3-пункттарында каралган учурлар башталганда бузулду деп эсептелет;

▪     Кардардын демилгеси боюнча – Кардарда Банктын алдында аткарылбаган жана карыз милдеттенмелери жок болгон шартта, Кардар тиешелүү арыз берген учурдан тартып Келишим күчүн жоготот.

8.5.   Эсепти жабууда Банк Кардар Эсепти ачуу жана тейлөө процессинде берген документтерди кайтарып берет. Эсепте акча каражаттары болгондо, Банк аларды ушул Келишимдин 7.2.9- пунктунда белгиленген тартипте тескейт.

8.6.    Ушул Келишим Тараптар ал боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарган учурдан тартып өз күчүн жоготот.

8.7.    Ушул Келишимде каралбаган бардык башка учурда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

8.8.          Эгерде ушул Келишим менен башкача каралбаса, өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелерге/макулдашууларга кол коюусу аркылуу жана/же ушул Келишимде каралган тартипте Кардарга жазуу жүзүндө кабарлама жана/же электрондук билдирүү жөнөтүү аркылуу киргизилет.

8.9.       Тараптар эгерде милдеттенмелерди аткарбагандык жеңилгис күч (форс-мажор) жагдайларынын: өрттүн, жаратылыш кырсыктарынын, электр берүү чубалгыларынын же коммуникациянын бузулушунун, массалык башаламандыктын, аскердик чыр-чатактардын, террористтик актылардын, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун, эскертүүлөрдү, буйруктарды чыгаруунун же Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна таасир тийгизүүчү өкмөт, мамлекеттик органдар тарабынан административдик кийлигишүүнүн жана Тараптардын акылга сыярлык контролунан тышкары башка жагдайлардын кесепети болуп саналса, ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

8.10.      Муну менен Тараптар ар кандай билдирүүлөр, корреспонденция ж.б. эгерде эсеп ачууга арызда көрсөтүлгөн даректерге жөнөтүлсө, даректелүүчүгө жеткирилген деп эсептеле турганын таанышат.

8.11. Муну менен Тараптар ушул Келишимден улам жаралган же ага байланыштуу бардык талаштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечиле турганын макулдашты жана таанышат.

8.12. Ушул Келишим аны бузуу жана бардык эсептерди жабуу учуруна чейин колдонулат.

8.13.   Кардар каалаган убакта ушул Келишимди бузууга же бир же бир нече эсепти жабууга укуктуу. Кардардын бир же бир нече эсепти жабуусу, эгерде жок дегенде бир эсеп ачык калтырылса, ушул Келишимди бузууга алып келбейт.



Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Эркиндик бул., 21 СИН 01901200110066 ИУЖК 22724193

э/э: 1280015000006195 КИКБда, БИК 128001

УККН 999

Кардар Келишимдин, ага карата Тиркемелердин бардык шарттары менен таанышканын жана ага Банк тарабынан анда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө макул экенин ырастайт.

Төмөндөгү Тиркеме ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат:

1- тиркеме. Эсеп ачууга Кардардын арыз-анкетасы;

2- тиркеме. «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКда «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет- банкинг системасын берүү жана пайдалануу эрежелери».



ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ ТАРИФТЕР

 

 

 

 

1.

Эсеп ачуу жана тейлөө

 

1.1

Күндөлүк эсепти ачуу (жеке адамдар үчүн)

100 C

1.2

Күндөлүк эсепти ачуу (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер

үчүн)

500 C

1.3

Кредит алууда/депозит салууда күндөлүк эсеп ачуу

акысыз

1.4

Күндөлүк эсепти жүргүзүү (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн)

300 C (бир ай ичинде эсеп боюнча операциялар ишке ашырылган шартта)

1.5

Күндөлүк эсепти жүргүзүү (жеке адамдар үчүн)

акысыз

1.6

Минималдуу азайтылбаган калдык (юридикалык жактар үчүн)

500 C

1.7

Кардарлардын евро эсептериндеги калдыктарга терс чендер

Жетекчиликтин чечими боюнча

2.

Акча которуулар

 

2.1

Кыргыз сомунда чыгыш төлөмдөр

 

2.1.1

Клиринг (төлөм кабыл алуу убактысы саат 9:00дөн 11:00 чейин)

 

 

20 000 сом (аны кошо алганда) чейинки суммалар үчүн

5 C

 

20 000 сомдон 100 000 сомду кошо алгандагы суммалар үчүн

30 C

 

100 000 сомдон 500 000 сомду кошо алгандагы суммалар үчүн

50 C

 

500 000 сомдон 1 000 000 сомду кошо алгандагы суммалар үчүн

60 C

2.1.2

Гросс (төлөм кабыл алуу убактысы саат 9:00 дөн 15:00 чейин)

100 C

2.2

«OUR» шарты менен АКШ доллары жана евродо төлөнүүчү

чыгыш төлөмдөр (бардык чыгымдардын орду жөнөтүүчүнүн эсебинен жабылат)

 

2.2.1

АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөр «Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (төлөмдөрдү кабыл алуу убактысы саат 9.00дөн 14.30га чейин)

0,2%

минималдуу 50 АКШ доллары максималдуу 450 АКШ доллары

2.2.2

АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөр «Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен («KICB» / «KICB BUSINESS» системасы аркылуу cаат 9:00 баштап 15:30 чейин)

0,2%

минималдуу 50 USD

максималдуу 400 USD

2.2.3

Евро менен чыгуучу төлөмдөр «Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (төлөмдү кабыл алуу убактысы саат 9.00 баштап 14.30 чейин/

«KICB» / «KICB BUSINESS» системасы аркылуу cаат 9:00 баштап 15:30 чейин)

0,2%

минималдуу 30 EUR

максималдуу 300 EUR

2.2.4

«Халык» Банк Казакстан» кардарларынын пайдасына «Халык» Банк- Корреспонденти аркылуу АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөр.

«Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (төлөмдү кабыл алуу убактысы саат 9.00 баштап 14.30 чейин/ «KICB» / «KICB BUSINESS» системасы аркылуу cаат 9:00 баштап 15:30 чейин)

0,2%

минималдуу 30 USD

максималдуу 300 USD

2.2.5

Үчүнчү банктардын пайдасына «Халык» Банк-Корреспонденти аркылуу АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөр. «Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (төлөмдү кабыл алуу убактысы саат 9.00

баштап 14.30 чейин/ «KICB» / «KICB BUSINESS» системасы аркылуу cаат 9:00 баштап 15:30 чейин)

0,2%

минималдуу 70 USD

максималдуу 300 USD



 

2.3

«BEN» шартында АКШ долларындагы чыгыш төлөмдөр (бардык чыгашалардын орду алуучунун эсебинен жабылат)

 

2.3.1

«Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (төлөмдөрдү кабыл алуу

убактысы саат 9.00дөн 14.30га чейин/ «KICB»/ «KICB BUSINESS» системасы аркылуу cаат 9:00дөн 15:30гө чейин)

50 АКШ доллары

2.4

Казак тенгеси/орус рублиндеги чыгыш төлөмдөр

 

2.4.1

«Ошол эле күнү» аткаруу мөөнөтү менен (казак тенгесиндеги төлөмдөр саат 9.00дөн 12.00 чейин, орус рубли саат 9.00дөн 15.00гө чейин кабыл алынат)

RUB:      0,1%,     минималдуу    600     рубль,

максималдуу 12 000 рубль

KZT: 0,1%, минималдуу 4 000 тенге,

максималдуу 75 000 тенге

2.5

Башка валюталардагы чыгыш төлөмдөр

GBP: 0,2%, минималдуу 30 фунт стерлинг, максималдуу 300 фунт стерлинг

CHF: 0,2%, минималдуу 30 Швейцар франкы, максималдуу 300 Швейцар франкы

CNY: 0,2%, минималдуу 200 Кытай юаны,

максималдуу 2 000 Кытай юаны

TJS: 0,2%, минималдуу 10 Таджик сомониси, масималдуу 100 Таджик сомониси

TRY: 0,2%, минималдуу 800 Түрк лирасы, масималдуу 8000 Түрк лирасы

2.5.1

Банк ичиндеги төлөмдөр (анын ичинде KICB филиалдары ортосунда

которуулар)

акысыз

2.5.2

Кириш төлөмдөр

акысыз

3.

Төлөмдөр боюнча банк ичинде териштирүүлөр, төлөмдөрдү кайтарып жиберүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, төлөм тапшырмасын аткарууну жокко чыгаруу

 

3.1

Чет өлкө валютасында

 

3.1.1

АКШ долларында, казак тенгесинде, орус рублинде

50 АКШ доллары

 

транзакция ишке ашырылгандан кийинки 60 күн аралыгындагы

75 АКШ доллары

 

транзакция ишке ашырылгандан кийинки 180 күн аралыгындагы

100 АКШ доллары

3.1.2

Евро жана башка валюталарда

50 евро

 

транзакция ишке ашырылгандан кийинки 60 күн аралыгындагы

75 евро

 

транзакция ишке ашырылгандан кийинки 180 күн аралыгындагы

100 евро

3.1.3

Улуттук валютада

50 сом

4.

Кассалык тейлөө

 

4.1.

Нак акча каражаттарын чыгарып алуу

 

4.1.1

Эсептерден сом түрүндө нак акча каражаттарын чыгарып алуу

0,3% (минималдуу 100 сом жеке

ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн гана )

4.1.2

Эсептерден АКШ долларында, евродо, орус рублинде жана казак тенгесинде нак акча каражаттарын чыгарып алуу

комиссиялык төлөм күндө белгиленип турат

4.1.3

Эсептерге накталай салынган акча каражаттарын ошол эле валютада

чыгарып алуу (жеке адамдар үчүн)

акысыз

4.1.4

Эсептерге акыркы алты ай ичинде накталай салынган каражаттарды чыгарып алуу (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн)

акысыз

4.1.5

Өткөн акыркы 6 айда эсепке накталай салынган каражаттарды чыгарып алуу (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн)

Банктын күндөлүк тарифтери боюнча

4.1.6

Банктын     ичиндеги     конверсиялык     операциянын     натыйжасында

накталай салынган каражаттарды чыгарып алуу

Банктын күндөлүк тарифтери боюнча

4.1.7

Чекене кредиттерди жана чакан жана орто ишкердикти кыргыз сом менен эсептешүү үчүн комиссия

4.1.1 пунктуна ылайык

4.1.8

Чекене кредиттер жана чакан жана орто ишканалар үчүн накталай төлөм АКШ долларында

4.1.2 пунктуна ылайык



 

4.1.9

Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик / өкмөттүк жана социалдык     программалардын    алкагында    берилген     ипотекалык

кредиттерди жана насыяларды накталоо боюнча комиссия

0%

4.1.10

Чакан насыяларды алуу үчүн комиссия

0%

4.2

Эсепке нак акча каражаттарын салуу

 

4.2.1

Банк терминалы аркылуу төлөөнү кошо алганда, кредиттин ордун

жабуу жана улуттук жана/же чет өлкө валютасындагы депозитти толуктоо

акысыз

4.2.2

Эсеп ээси сала турган болсо, улуттук валютасында нак акча

каражатын салуу

акысыз

4.2.3

Үчүнчү жак тарабынан кардар эсеби ачылган жерден башка бөлүмдөрдө ачылган эсепке улуттук валютада жана/же чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын салуу (жеке жактар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн)

суммадан 0.1%, минималдуу 20 сом

4.2.4

Акча которуу учурунда, ошондой эле банк ичинде которууда (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн эсепте 6 айдан көбүрөөк убакыт акча каражаттарын сактоону эске албаганда) жана эсептөө эсебин толуктоодо чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары

салуу колдонулат.

комиссиялык төлөм күндө белгиленип турат

4.2.5

Банк терминалдары аркылуу эсептешүү эсебине чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын салуу

0%

4.2.6

Чет өлкө валютасындагы (USD, EUR, RUB, KZT) эскилиги жеткен

жана жараксыз банкнотторду кабыл алуу

1%

4.2.7

Эсепке акча каражаттарын андан ары салуусуз, кардардын талабы боюнча купюраларды кайрадан эсептеп чыгуу жана текшерүү

0,1%, минималдуу 10 АКШ доллары

4.2.8

Улуттук валютадагы нак төлөмдөр үчүн комиссия (кредитти

төлөөдөн/депозитти толуктоодон тышкары), номиналы боюнча сорттолбогон акча каражаттары учурунда

суммадан 0.1%, минималдуу 20 сом

5.

Конверсиондук операциялар

 

5.1

чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу

Банктын операция ишке ашырылган күндөгү курсу боюнча.

Жеке акча алмаштыруу курстары Банктын чечими боюнча берилет

6.

Бланктарды, маалым каттарды жана документтерди берүү үчүн

 

6.1

Чек китепчесин тариздөө жана берүү

150 сом

6.2

Эсеп боюнча көчүрмөлөрдү жана банк документтерин берүү

6.2.1

Үзгүлтүксүз көчүрмөлөр, анын ичинде I-Bank системасы боюнча көчүрмөлөр жана эки тараптуу мөөрү менен , SWIFT системасы

аркылуу жөнөтүлгөн көчүрмөлөр

1-барак акысыз,

ар бир кийинки барак 10 С, максимум - 850 С

6.2.2

Банк документтерин (улуттук жана чет өлкө валютасында жөнөтүлгөн операциялар боюнча төлөм тапшырмаларын, архивдик документтердин ж.б.), ошондой эле кардардын талабы боюнча эсеп

ачууга/жабууга, уставдык капиталды төлөөгө ж.б. маалым каттарды даярдап берүү

документ үчүн 150 сом

6.3

Эсептеги акча каражаттары, эсеп балансы жана депозиттердин бардыгы тууралуу маалым каттар:

6.3.1

Банк жеке жактар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company камсыздандыруу ваучерин

акысыз сунуштайт**

документ үчүн 500 сом ***

6.3.2

«KICB»/ «KICB BUSINESS» системасы аркылуу жеке жактар, юридикалык жактар жана ЖИ үчүн

документ үчүн 500 сом ***

6.4

Кардар компаниясынын тышкы аудиторунун талабына жооп

150 сом+ курьердин кызматына белгиленген тарифке ылайык

документтерди жөнөтүү үчүн комиссиялык төлөм

6.5

Эсеп боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалым кат

500 сом

6.6

Жогоруда көрсөтүлгөн маалым каттардын, тастыктамалардын жана

башка документтердин көчүрмөсү (дубликаты) (орусча/англисче түзүлгөндөрдөн башка тилдеги)

ар бир документ үчүн негизги тастыктама наркынан 50%

7.

«KICB»/ «KICB BUSINESS» системасы

 



 

7.1

Системага туташуу

 

7.1.1

Жеке жактар үчүн

акысыз

7.1.2

Жеке ишкерлер үчүн

акысыз

7.1.3

Юридикалык жактар үчүн

1000 сом

7.2

«KICB»/ «KICB BUSINESS» системасы боюнча күндөлүк эсепти жүргүзүү (мында 1.4-пунктта көрсөтүлгөн комиссия колдонулбайт)

 

7.2.1

Жеке жактар үчүн

акысыз

7.2.2

Жеке ишкерлер үчүн

300 сом (эсеп боюнча жылыштан көз

карандысыз бир ай ичинде)

7.2.3

Юридикалык жактар үчүн

300 сом (эсеп боюнча жылыштан көз

карандысыз бир ай ичинде)

7.3

eToken ачкычы (1 даана)

2000 сом

7.4

Паролду кайра берүү

50 сом

7.5

Логинди кайра берүү

акысыз

7.6

Системага кирүү мүмкүндүгүн блокировкалоо

акысыз

7.7

Системанын иштөөсүнө байланыштуу Кардардын күнөөсүнөн улам жаралган техникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Банктын адисинин Кардарга баруусу. (Адистин баруусу кызмат көрсөтүүнү кошууга билдирме берилген филиалдын калктуу конушунун чегинде болот. Банктын техникалык кызматкеринин белгиленген аймактын чегинен тышкары баруусу үчүн чыгашалар тапшырыкчынын эсебинен

төлөнөт).

1000 сом

7.8

Жеткирүү үчүн (банк карты)

200 сом

8.

Сейфтик ячейкаларды ижарага берүү

 

8.1

Өлчөмү 20 х 230х 360 мм /60 х 230 х 500/60 х 240 х 350 түзгөн сейф

1 айга - 1 500 сом

3 айга - 3 000 сом

6 айга - 5 000 сом

12 айга - 8 000 сом

8.2

Өлчөмү 100 х 230 х 360 мм/130 х 230 х 500/130 х 240 х 350 түзгөн сейф

1 айга - 2 000 сом

3 айга - 4 000 сом

6 айга - 7 000 сом

12 айга - 10 000 сом

8.3

Өлчөмү 200 х 230 х 360 түзгөн сейф****

1 айга -3 000 сом

3 айга - 6 000 сом

6 айга - 10 000 сом

12 айга - 15 000 сом

8.4

Өлчөмү 210 х 230 х 500/230 х 230 х 350/300 х 230 х 360 мм түзгөн сейф

1 айга - 4 000 сом

3 айга - 8 000 сом

6 айга - 12 000 сом

12 айга - 20 000 сом

8.5

Өлчөмү 500 х 230 х 360 түзгөн сейф*****

1 айга - 6 000 сом

3 айга - 12 000 сом

6 айга - 18 000 сом

12 айга - 30 000 сом

8.6

Ижарачы ачкычты өз учурунда кайтарбай койгон жана/же ижара төлөмүн кечиктирген шартта колдонулуучу айыптык санкциялар

«Тиешелүү ячейка боюнча 1 ай үчүн тариф» х «айлардын толук жана жарым-

жартылай саны»

8.7

Ачкычты жоготуп койгон шартта колдонулуучу айыптык санкциялар

100 АКШ доллары

9

Кардардын баалуулуктар салынган баштыгын жооптуу сактоого алуу

макулдашуунун негизинде

10

Инкассация

макулдашуунун негизинде



 

11

Сом валютасындагы баалуу кагаздардын биринчи/экинчи рыногунда

брокердик кызмат көрсөтүүлөрү

жеке жактар үчүн акысыз, юридикалык

жактар үчүн 1000 сом

12

Чакан, орто бизнес, чекене жана микрокредиттердин кредиттик операциялары боюнча комиссиялар

 

12.1

Алмаштыруу /Күрөөдөн бошотуу учурдагы кредит

боюнча(Кыймылсыз мулк)

2 000 С

12.2

Алмаштыруу / Күрөөдөн бошотуу учурдагы кредит боюнча

(Кыймылдуу мулк)

1 000 С

12.3

Алмаштыруу / Кепилдиктен бошотуу (Кардардын кайрылуусу менен)

500 С

12.4

Карызы жок/бар тууралуу маалымдама

200 С

12.5

Башка маалымдамалар (насыяга тиешелүү)

200 С

12.6

Төлөө күнүн жылдыруу / Төлөө графигин өзгөртүү

200 С

12.7

Документтерди кайрадан суроо (күрөөдөн чыгаруу үчүн кат)

200 С

 

Эскертүүлөр:

Ушул документте колдонулган бардык комиссиялык төлөмдөр келишим түзүлгөн учурда колдонулуп жаткан катары эсептелинет жана банк тарабынан бир тараптуу негизде кайрадан каралышы мүмкүн.

Банк сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча комиссиялык төлөм кармап калууга укуктуу (телекс, документтерди, сүрөттөрдүн көчүрмөсүн кайра жөнөткөндүгү, почта чыгымдары жана башкалар үчүн).

Банк кармап калган бардык комиссиялык төлөмдөрдөн 2% өлчөмүндө сатуудан салык төлөнөт жана кардар аны тарифтерде көрсөтүлгөн суммаларга кошумча төлөөгө тийиш. Бардык калган салыктар жана жыйымдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тарифте эске алынат.

Финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөр үчүн Банк тарабынан кармалып калуучу бардык комиссиялык төлөмдөрдөн тарифтерде көрсөтүлгөн комиссиялык төлөм наркында камтылган 12% өлчөмүндө КНС алынат

* Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн банк терминалдары аркылуу төлөнгөн комиссиялык төлөмдөрдөн сатуудан салык төлөнбөйт

** Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company тарабынан чыгарылган ваучер чет өлкөлөрдө медициналык чыгашаларды камсыздандарууга акысыз полис алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Ушул ыңгайлуулук боюнча толук маалыматты банктын: www.kicb.net расмий сайтынан алууга болот.

*** Сумма бардык салыктарды, жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөрдү эске алуу менен көрсөтүлгөн.

**** Бишкектеги Чыгыш филиалындагы, Чекене Тейлөө Борбору жана Бишкек Борбордук филиалындагы сейфтик ячейкалар үчүн гана колдонулат.

*****Бишкектеги Чыгыш филиалындагы сейфтик ячейкалар үчүн гана колдонулат.