Документтер

Документтер
Документтер
Документтер

“Онлайн кредит” Кредит келишимин түзүүгө АЙКЫН ОФЕРТА

Ушул “Онлайн кредит” Кредит келишимин түзүүгө айкын оферта (мындан ары – “Оферта”) жеке жактарга даректелген жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” жабык акционердик коомунун (мындан ары – “Банк”) ушул Офертада камтылган шарттарда “Онлайн кредит” Кредит келишимин (мындан ары – “Келишим”) түзүүгө расмий сунушу болуп эсептелет.

Келишим акцепт учурунан тартып, башкача айтканда, жеке адам жөнөкөй электрондук кол тамга аркылуу ушул Офертада каралган тартипте KICB мобилдик тиркемеси аркылуу Офертанын шарттарына макул экендигин тастыктаган учурдан тартып күчүнө кирет, бул Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 399 жана 402-беренелерине ылайык жеке адамдын ушул Офертанын бардык шарттарын эч кандай алып салууларсыз жана чектөөлөрсүз кабыл алганын билдирет.

1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Акцепт — бул KICB мобилдик тиркемеси аркылуу ушул обочо туруп/аралыктан кредит берүүгө келишимдин шарттарын Карыз алуучунун шартсыз кабыл алуусу, аларга толук жана толук макулдугу.

Карыз алуучуну верификациялоо –алынган жана Банкта болгон Карыз алуучунун жеке маалыматтарынын актуалдуулугун, тууралыгын жана толуктугун текшерүү боюнча жол-жобо.

“Онлайн-кредитти” берүү датасы – Банк акча каражаттарын Карыз алуучунун банктык картасына/банктык эсебине которгон дата.

Карыз алуучу – ага Банк тарабынан ушул Келишимде каралган шарттарда жана тартипте онлайн-кредит берилет жана/же берилген, KICB мобилдик тиркемесинин колдонуучусу болуп саналган, аракетке жөндөмдүү жеке жак.

Кредиттик билдирме – бул аралыкта түзүлүүчү документ, ал Аарыз алуучу (потенциалдуу карыз алуучу) тарабынан KICB мобилдик тиркемеси аркылуу Банкка жөнөтүлөт жана ушул Келишимде каралган шарттарда суралып жаткан кредит жөнүндө жалпы маалыматты камтыйт.

KICB мобилдик тиркемеси – Банкка таандык болгон, Карыз алуучуга кредитти аралыктан алуу жана/же башка банктык операцияларды/бүтүмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген, аралыктан банктык тейлөө системасы.

Онлайн-кредит (кредит) – Банк тарабынан Карыз алуучуга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, камсыздалгандык жана акы төлөнүүчүлүк шарттарында Карыз алуучунун KICBдеги банктык картасына/банктык эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу берилген акча каражаттары.

Эсеп – Банк менен Карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Карыз алуучуга ачылган Банктагы ар кандай банктык эсеп.

Жөнөкөй электрондук кол тамга – ушул Келишимге жана ушул Келишимдин алкагында башка документтерге кол коюуда пайдаланылуучу, өзүнө One Time Password – OTP, бир жолку PIN-коддорду, логинди, паролду, кодду, ырастоо кодун, башка идентификаторлорду, Карыз алуучуну идентификациялоонун эквиваленттүү ыкмаларын камтыган, Карыз алуучунун өз колу менен койгон кол тамгасынын аналогу.

Онлайн-кредиттин шарттары – ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган, электрондук формадагы, Банк тарабынан Карыз алуучуга жактырылган кредиттин суммасы, кредиттин мөөнөтү, Карыз алуучунун идентификациялык маалыматтары жана кредитти төлөө графиги көрсөтүлгөн ушул Келишимдин тиркемеси.

Кабарлоо – электрондук почтаны, смс – билдирүүлөрдү жана башка белгилүү жеткиликтүү байланыш каналдарын пайдалануу менен электрондук формада Банк тарабынан Карыз алуучуга жөнөтүлүүчү билдирүү.

2. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ

2.1. Ушул Келишимдин предмети болуп Банк тарабынан Карыз алуучуга ушул Келишимде каралган шарттарда Карыз алуучу тарабынан Кредиттик билдирмеде көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок ошол кредиттик продуктка эсептелген жана ушул Келишимдин 9-бөлүмүндө/ KICB мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттин суммасынан ашпаган онлайн-кредит берүү саналат, ал эми Карыз алуучу алынган кредиттин суммасын өз мөөнөтүндө Банкка кайтарып берүүгө жана аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөгө милдеттенет.

3. ОНЛАЙН-КРЕДИТ БЕРҮҮ ТАРТИБИ

3.1. Онлайн-кредит алуу үчүн Карыз алуучу KICB мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган ушул Келишимдин шарттары, Банктын тарифтери менен таанышууга, Келишим түзүү максатында жөнөкөй электрондук кол тамга аркылуу Офертаны акцептөөгө (кабыл алууга), Банкка KICB мобилдик тиркемеси аркылуу Кредиттик билдирмени жөнөтүү менен онлайн-кредит берүү мүмкүндүгүн суроого тийиш.

3.2. Банктын Карыз алуучунун акцептин алуусу электрондук формада Кредит келишимин түзүү болуп саналат (Келишим түзүү үчүн Банктын ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы талап кылынбайт). KICB мобилдик тиркемесинде алынган акцепт Карыз алуучунун кагаз документке өз колу менен кол коюусуна бирдей деп таанылат.

3.3. Онлайн-кредит Карыз алуучуга ушул Келишимде белгиленген шарттарда жана тартипте акча каражаттарын нак эмес формада Карыз алуучунун банктык картасына/эсебине которуу аркылуу берилет.

3.4. Ушул Келишимге ылайык Карыз алуучунун Банкта эсеби жок болгон учурда Ккарыз алуучу Банк тарабынан белгиленген тартипте улуттук валютада – сом менен эсеп ачат.

3.5. Онлайн-кредит алуу үчүн Карыз алуучу Банкка кредиттин мөөнөтүн, пайыздык ченин көрсөтүү менен, Банк сунуш кылган мүмкүн болгон кредиттин суммасынан ашпаган суммага Крдиттик билдирмени KICB мобилдик тиркемеси аркылуу берет.

3.6. Карыз алуучу Кредиттик билдирмеде сураган кредиттин суммасы анын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо аркылуу Карыз алуучу жөнүндө Банкта болгон маалыматтын негизинде Банк тарабынан бекитилет.

3.7. Кредиттик билдирмени иштеп чыккандан кийин Банк KICB мобилдик тиркемесинин интерфейсинде онлайн-кредиттин шарттарын түзүү аркылуу ушул Келишимдин шарттарында Банк тарабынан жактырылган кредиттин суммасын же верификациянын ийгиликсиздигинен улам жана/же Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздигинен улам онлайн-кредит берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө Карыз алуучуга билдирет.

3.8. Карыз алуучунун Кредиттик билдирме берүүсү жана Карыз алуучунун KICB мобилдик тиркемесинде тастыктоо аркылуу онлайн-кредиттин шарттарын кабыл алуусу Карыз алуучунун эч кандай алып салууларсыз жана чектөөлөрсүз ушул Келишимдин жана анын тиркемелеринин шарттарында онлайн-кредит алууга шартсыз макулдугу болуп саналат.

3.9. Банктын онлайн-кредит берүү милдеттенмеси Карыз алуучунун банктык картасына/эсебине акча каражаттары түшкөн күндөн тартып аткарылды деп эсептелет.

3.10. Онлайн-кредитти берүү жана онлайн-кредит боюнча негизги карызды жана ал боюнча пайыздарды төлөө (кайтаруу) улуттук валюта – сом менен жүргүзүлөт.

3.11. Муздатуу мезгили. Ушул Келишим түзүлгөндөн кийин Карыз алуучуга кредит алуудан баш тартуу укугун берүү менен Банк Карыз алуучуга акча каражаттарын которбогон муздатуу мезгили белгиленет. Муздатуу мезгилинин узактыгы кредиттин суммасына жараша аныкталат:

3.12. “Онлайн кредит” берүүгө Оферта, Кредиттик билдирме жана Онлайн-кредиттин шарттары жалпысынан милдеттенмелерди аткарууда Банк менен Карыз алуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу Келишимдин шарттарынын түзөт.

  • 50 001 сомдон 100 000 сомго чейин — 4 саат;

  • 100 001 сомдон жогору — 12 саат.

100 001 сомдон жогору кредиттер үчүн муздатуу мезгили ичинде Банк кредитти тариздөөгө макулдук жөнүндө тастыктоону алуу үчүн Карыз алуучуга контролдук чалууну жүргүзөт. Карыз алуучу муздатуу мезгилинде кредит алуудан баш тарткан учурда, Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелери кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз токтотулат.

4. КРЕДИТТИК КАЙТАРУУ, ПАЙЫЗДАРДЫ ЧЕГЕРҮҮ ЖАНА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ

4.1. Кредитти пайдаланганы үчүн пайыздарды чегерүү Банк Карыз алуучуга кредит берген күндөн тартып ай сайын, бир айдагы иш жүзүндөгү күндөрдүн санына жана кредит толук кайтарылганга чейинки 360 күнгө барабар болгон жылдагы күндөрдүн санына жараша жүргүзүлөт.

4.2. Кредитти пайдаланганы үчүн пайыздар кредиттин негизги суммасынын төлөнбөгөн калдыгына чегерилет.

4.3. Кредитти төлөө жана пайыздарды, ошондой эле ушул Келишим боюнча башка төлөмдөрдү төлөө Карыз алуучу тарабынан төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

  • Банктын кассасына нак акча каражаттарын салуу аркылуу;
  • Банк көрсөткөн эсепке которуу аркылуу;
  • Банктын төлөм терминалдары жана мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • Тараптар макулдашкан башка жол менен.

4.4. Кредиттин негизги суммасын төлөө жана пайыздарды төлөө Карыз алуучу тарабынан кредит берилген улуттук валютада жана кредитти төлөө графигинде белгиленген төлөө күнү саат 16-00дөн кеч эмес жүргүзүлөт. Кредит жана пайыздан белгиленген убакыттан кийин төлөнгөн учурда төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылды деп эсептелет, бул кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн бузуу болуп саналат жана ушул Келишимге ылайык үстөк айып чегерилет. Айдын акыркы иш күнүндө кредитти төлөө убактысы 2 саатка кыскарат.

4.5. “Төлөө датасы” кредиттин пайыздарын жана/же негизги суммасын, ушул Келишимде каралган башка төлөмдөрдү төлөө күнүн же мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүн билдирет. Эгерде төлөө датасы жумуш эмес күнгө туура келсе, анда төлөө датасы болуп жумуш эмес күндөн кийинки биринчи жумуш күнү эсептелет.

4.6. Карыз алуучу төлөө үчүн жана/же Банктын талабы боюнча толук эмес сумманы төлөгөн учурда, төлөнгөн бөлүгүнө карата кредит боюнча карызды төлөөнүн төмөнкүдөй кезектүүлүгү колдонулат:

(1) кредиттин негизги суммасы;

(2) карызды өндүрүп алуу боюнча чыгымдар;

(3) кредитти пайдаланганы үчүн пайыздар;

(4) үстөк айып (айып, туум);

(5) карта эсептери боюнча пайда болгон овердрафттын суммасы (анын ичинде техникалык, жол берилген);

(6) чыгымдар.

4.7. Кредитти кайтаруу жана ал боюнча пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берилген учурда Банк Карыз алуучуга кредитти төлөө графигине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн ошол кредит боюнча пайыздык ченге барабар өлчөмдө туум түрүндө үстөк айып чегерет, ал мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасына чегерилет, бирок берилген кредиттин суммасынын 10 (он) пайызынан ашпайт. Туумдарды чегерүү кредиттин негизги карызы жана / же ал боюнча пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып башталат жана кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасына карата ар бир календардык ай ичинде, айдагы иш жүзүндөгү күндөрдүн санына жана жыл ичиндеги 360 күнгө барабар күндөрдүн санына жараша мөөнөтү өтүп кеткен карыз толук төлөнгөнгө чейин жүргүзүлөт.

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

5.1. Карыз алуучунун укуктары: 5.1.1. Карыз алуучу муздатуу мезгилинде жана/же ушул Келишим түзүлгөн учурдан тартып Карыз алуучунун KICBдеги банктык картасына/банктык эсебине акча каражаттары чегерилген (алынган) учурга чейин акысыз негизде ушул Келишимдин шарттарына макул болбогон учурда кредит алуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда “баш тартуу” деген бекитилген сумманы берүүгө KICB мобилдик тиркемесинде карыз алуучунун ырастоосу жоктугун жана/же Банктын контролдук чалуусу убагында телефон аркылуу оозеки баш тартууну билдирет.

5.1.2. Карыз алуучу кредитти бардык чегерилген пайыздар жана төлөнүүгө тийиш болгон башка суммалар менен каалаган убакта эч кандай комиссиясыз, айып санкцияларысыз жана башка төлөмдөрсүз толук же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу. Кредитти толугу менен мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн Карыз алуучу KICB мобилдик тиркемесинде “Онлайн кредит” бөлүмүндө кредитти төлөөгө же Банктын жакынкы бөлүмүнө кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Кредитти жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн Карыз алуучу Банктын жакынкы бөлүмүнө кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

5.1.3. Карыз алуучу кийин кредитти узартуу же реструктуризациялоо өтүнүчү менен Банкка кайрылууга, ошондой эле кредит боюнча пайыздарды эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана айып санкциялары боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.

5.1.4. Банк кызматкерлеринен сапаттуу тейлөөнү алуу. Карыз алуучу Банкка ишеним жана этика байланышы боюнча (тел.: 996 (559) 535 002) Банк кызматкерлеринин ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттери же коррупциянын ар кандай көрүнүштөрү жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

5.2. Карыз алуучунун милдеттери:

5.2.1. Карыз алуучу ушул Келишимдин шарттары менен өз убагында жана толук көлөмдө таанышууга жана сактоого милдеттүү.

5.2.2. Карыз алуучу кредиттин суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө графигине так ылайык төлөө (кайтаруу) боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга милдеттенет.

5.2.3. Карыз алуучу биринчи талап боюнча Банкка зарыл документтерди, ошондой эле финансылык абалына тиешелүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

5.2.4. Карыз алуучу кредит алгандыгы тууралуу маалыматты жубайына билдирүүгө милдеттенет.

5.2.5. Карыз алуучу ага берилген Кредитти төлөө графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Банктын кассасына тиешелүү сумманы нак акча менен салуу же KICB мобилдик тиркемеси аркылуу тиешелүү эсепке которуу аркылуу же башка жеткиликтүү ыкма менен кредитти

төлөп берүүгө милдеттенет. Кредитти төлөө графиги онлайн-кредитти алган күнү электрондук форматта түзүлөт жана KICB мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот.

5.2.6. Карыз алуучу даректин, реквизиттердин өзгөргөндүгү жөнүндө жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарууга байланыштуу, анын милдеттенмелеринин аткарылбай калышына себеп болушу мүмкүн болгон бардык башка жагдайлар жөнүндө Банкка токтоосуз билдирет, ошондой эле аларды четтетүү боюнча бардык чараларды көрөт.

5.2.7. Карыз алуучу ушул Келишим боюнча карыздарды өндүрүп алуу боюнча өзү тарткан же ал тарабынан тартылган жактар тарткан бардык чыгымдардын ордун Банкка ордун толтуруп берүүгө милдеттенет.

5.2.8. Финансы-экономикалык абалы өзгөргөн же начарлаган учурда Банктын талабы боюнча Карыз алуучу Келишимди аткаруунун кошумча кепилдиктерин берүүгө же Банк тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө милдеттенет.

5.3. Банктын укуктары:

5.3.1 Банк бир тараптуу тартипте ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Карыз алуучуга Келишимдин шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүү Банк тарабынан Келишимдин өзгөртүүлөрү/жаңы редакциясы күчүнө кирген күнгө чейин 10 (он) жумуш күндөн кеч эмес KICB мобилдик тиркемесине, маалымат такталарына жана башкаларга өзгөртүүлөрдүн/жаңы редакциялардын текстин жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул Карыз алуучунун укуктарын начарлаткан жана милдеттерин көбөйткөн учурларда бир тараптуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби колдонулбайт. Келишимге киргизилген өзгөртүүлөр алар колдонууга киргизилген датадан тартып Тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

5.3.2 Карыз алуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганда жана/же талаптагыдай эмес аткарганда, Банк Карыз алуучунун Банкта ачылган ар кандай эсептеринен кредиттин суммасын жана ал боюнча пайыздарды төлөө эсебине акча каражаттарын бир тараптуу талашсыз тартипте эсептен алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өз укуктарын ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган карыздарды өндүрүп алуу боюнча башка чараларды көрүүгө укуктуу.

5.3.3 Төмөнкү учурлардын бири башталганда кредиттин суммасын, кредитти пайдаланганы үчүн пайыздарды жана ушул Келишим боюнча төлөнүүгө тийиш болгон башка төлөмдөрдү мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга:

5.3.4 Карыз алуучунун макулдугу менен ушул Келишимге жана башка келишимдерге ылайык өз укуктарынын же милдеттенмелеринин бардыгын же бир бөлүгүн сатуу, берүү, өткөрүп берүү же башка жол менен тескөө. Кредит боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү Карыз алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт жана өзүнчө макулдашуу менен таризделет. Банк күрөө катары кредит портфелин берген учурда ушул пункттун талаптары жайылтылбайт. Эгерде Банк ушул пунктта каралган авр кандай сунушталган сатууну, берүүнү, өткөрүп берүүнү же башка ыкмалар менен тескөөнү талаптагыдай деп эсептесе,

1) Карыз алуучунун ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, анын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан көз карандысыз, кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын жана пайыздарды төлөөнүн келип чыгышы;

2) Карыз алуучунун кредитти ушул келишимде каралгандан башка максаттарда пайдалангандыгы;

3) Карыз алуучу тарабынан кредит алуу үчүн берилген маалыматтар жана документтер анык эмес болгондо;

4) Карыз алуучуга карата кудуретсиздикке (банкроттукка) алып келиши же Карыз алуучунун финансылык абалын олуттуу начарлатышы мүмкүн болгон доо талаптары коюлса. Банк ушул бүтүмгө тиешелүү мындай маалыматты жайылтууга (анын ичинде ар кандай келишимдердин көчүрмөлөрүн чектөөсүз берүүгө) укуктуу.

5.3.5 Каалаган убакта Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө, ошондой эле Карыз алуучунун иш берүүчүсүнөн зарыл маалыматтарды сурап алууга.

5.3.6 Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайтарылып берилбей тургандыгын айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгон шартта, ушул Келишимде каралган кредитти берүүдөн толук же жарым-жартылай баш тартууга.

5.3.7 Ушул Келишимдин жана ага байланыштуу кийинки бүтүмдөрдүн шарттары тууралуу маалыматты кредиттик бюрого берүүгө.

5.3.8 Ар кандай үчүнчү жактардан кредитти төлөөгө багытталган төлөмдөрдү кабыл алууга. Банк Карыз алуучунун карызын төлөө процессинде түз же кыйыр түрдө келип чыккан Карыз алуучу менен мындай үчүнчү жактын ортосундагы учурдагы, ошондой эле кийинки өз ара мамилелер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.3.9 Карыз алуучу, ошондой эле анын мүлкү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана мамлекеттик эмес уюмдардан сурап алууга.

5.4. Банктын милдеттери:

5.4.1 Банк Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген учурлардан тышкары, купуя маалыматты жашыруун сактоону камсыз кылууга, Карыз алуучунун алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксаты жок ачыкка чыгарбоого, ошондой эле Карыз алуучунун жеке маалыматтарын алмаштырбоого, жарыялабоого же башка мүмкүн болгон ыкмалар менен ачыкка чыгарбоого милдеттенет.

5.4.2 Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты коргоо үчүн колдонулган тартипке ылайык, Карыз алуучунун жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо үчүн сактык чараларын көрүүгө милдеттенет.

5.4.3 Карыз алуучунун суроо-талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде Карыз алуучуга кредит боюнча карызды төлөө боюнча көчүрмөлөрдү жана башка маалым каттарды берүүгө.

6. КАРЫЗ АЛУУЧУНУН БИЛДИРҮҮСҮ ЖАНА КЕПИЛДИГИ

6.1. Кредиттик билдирмени жөнөтүүдөн мурда Карыз алуучу төмөнкүлөрдү кепилдейт:

1) анын мүлкүнө зыян келтириши мүмкүн болгон сот процесстерине доогер, жоопкер же үчүнчү жак катары катышпайт;

2) ушул Келишимди түзүү менен ал адашуунун, зомбулуктун, коркутуунун, ак ниеттүү эмес макулдашуунун же жагдайлардын таасири астында турбайт.

6.2. Кредитти алууда Карыз алуучу Банкка график боюнча төлөө күнү ушул Келишим боюнча ар кандай карызды анын тиешелүү банктык эсебинен акцептсиз (талашсыз) автоматтык түрдө эсептен алууга ыйгарым укук бере тургандыгын билдирет.

7. ЖЕҢИЛГИС КҮЧ ЖАГДАЙЛАРЫ

7.1. Эгерде бул ал жеңилгис күч (форс-мажор) жагдайларынын кесепети болсо, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Жеңилгис күч жагдайларынын пайда болушу жана токтогондугу жөнүндө Тараптар өз милдеттенмелерин өзгөртүүнүн альтернативдүү ыкмаларын биргелешип чечүүнү иштеп чыгуу максатында көрсөтүлгөн жагдайлар башталган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес бири-бирине маалымдашат. Кабарлоо шарттары сакталбаган учурда бул Тарап кийин бул жагдайларга шилтеме кыла албайт.

7.2. Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизген жеңилгис күч жагдайлары пайда болгон учурда Карыз алуучу финансылык абалынын начарлашын ырастаган документтерди (сот актысы, ички иштер органдарынын актысы ж.б.) берүүгө милдеттүү. Ырастоочу документтер берилбеген учурда Карыз алуучу кийин бул жагдайларга шилтеме кылууга укуксуз.

8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

8.1. Келишим ушул офертанын шарттарына ылайык Карыз алуучу Банктын алдындагы бардык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.

8.2. Ушул Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча, ошондой эле ушул Келишимде каралган учурларда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

8.3. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган башка бардык учурларда Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттенишет.

8.4. Ушул Келишим боюнча же ага байланыштуу Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Тараптар пикир келишпестиктерди сүйлөшүү аркылуу чечүү мүмкүн болбогон учурда ушул Келишимден келип чыккан жана/же ага байланыштуу ар кандай талаш-тартыштар, анын ичинде ушул Келишимди түзүүгө, бузууга, токтотууга же жараксыздыгына тиешелүү талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш экендигин аныкташты.

8.5. Банк тарабынан Карыз алуучуга ар кандай кабарлоолор тиешелүү түрдө ишке ашырылган жана электрондук кабарлоону жөнөтүү аркылуу жеткирилген болуп эсептелет.

9. ОНЛАЙН КРЕДИТТИН ШАРТТАРЫ

Продукт: Онлайн-кредит

Максаттуу топ: Жеке адамдар

Карыз алуучунун курагы 18 жаштан 70 жашка чейин (кредиттин мөөнөтү аяктаган учурга карата)

Максат: Керектөө максаттары

Валюта: KGS

Кредиттин суммасы: 5 000 – 200 000

Пайыздык чен: 20 %

Натыйжалуу пайыздык чен 22,27 %

Кредиттин мөөнөтү: 3 – 24 ай

Акчага айландыруу үчүн комиссия Банктын Тарифтерине ылайык

Төлөө тартиби: аннуитет

Күрөө менен камсыздоо: Талап кылынбайт

Мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн комиссия: Колдонулбайт 

10. БАНКТЫН КАРЫЗ АЛУУЧУЛАРЫНЫН ЧЫГЫМДАРЫНЫН (ТӨЛӨМДӨРҮНҮН) ЖАНА АЙЫП САНКЦИЯЛАРЫНЫН ТИЗМЕГИ

Кредит боюнча банктын карыз алуучусунун чыгымдары (төлөмдөрү)

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр: Банктын Тарифтерине ылайык

Учурдагы эсепти ачуу (эгерде эсепти ачуу кредит келишимин түзүү менен шартталса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссия: Банктын Тарифтерине ылайык

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде карыз алуучунун нак акчаны банкомат аркылуу салуусу жана алуусу): Банктын Тарифтерине ылайык

Карызы жоктугу/болушу жөнүндө маалым каттарды берүү үчүн акы (айына 1 жолудан көп кайрылган учурда: Банктын Тарифтерине ылайык

Башка маалым каттар (кредитке тиешелүү): Банктын Тарифтерине ылайык

Ар кандай шарттар кайра каралгандан кийин төлөө графиктерин берүү үчүнакы (Төлөө датасын жылдыруу/Төлөө графигин өзгөртүү): Банктын Тарифтерине ылайык

Кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө: Комиссиясыз

Банктын айып санкциялары жана туумдары

Карыздын негизги суммасы боюнча жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү төлөөнө кечиктиргени үчүн: Кредитти кайтаруу жана ал боюнча пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берилген шартта, Банк Карыз алуучуга Кредитти төлөө графигине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн ошол кредит боюнча пайыздык ченге барабар өлчөмдө туум түрүндө үстөк айып чегерет, ал мөөнөтүн өткөрүп жиберген карыздын иш жүзүндөгү мөөнөтү үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген карыздын суммасына чегерилет, бирок берилген кредиттин суммасынын 10 (он) пайызынан ашпайт.