Туруктуу өнүгүү

Туруктуу өнүгүү
Туруктуу өнүгүү
Туруктуу өнүгүү



Экинчи пикир

«КЫРГЫЗ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК-КРЕДИТ БАНКЫ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРЛИК КООМУНУН ТУРУКТУУ КАРЖЫЛОО КУРАЛДАРЫН ЧЫГАРУУ ПРОГРАММАСЫ

Туруктуу каржылоо концепциясы (Sustainable Finance Framework) Банктын ESG саясатына ылайык түзүлгөн жана туруктуу каржылоо инструменттерин чыгаруу үчүн стратегикалык негиз болуп саналат. Бул документ эл аралык ICMA (Green Bond Principles, Social Bond Principles) жана LMA (Green/Social Loan principles) принциптерине толук жооп берет. Концепция глобалдык туруктуу инвестициялоо практикасына интеграцияны жана долбоорлорду тандоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү процессинде ачыктык жана жоопкерчилик сакталуусун камсыз кылат.

Концепциянын негизги багыттары:

- Жашыл долбоорлор: энергияны үнөмдөө, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу, жашыл имараттар, экологиялык таза транспорт, суу ресурстарын жана таштанды сууларды башкаруу, таштандыларды башкаруу жана туруктуу айыл чарба.

- Социалдык долбоорлор: билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, арзан негизги инфраструктура жана турак жайларды өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу азык-түлүк системаларын камсыздоо.

Эл аралык рейтинг агенттиги S&P Global Ratings тарабынан берилген көз карандысыз тараптын корутундусу Концепциянын ICMA жана LMA эл аралык принциптерине толук шайкештигин тастыктап, туруктуу каржылоо инструменттерин башкарууда системалуу жана ачык мамиле жүргүзүлүп жатканын белгилейт.