Банктын корпоративдик башкаруу системасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Банктын ички ченемдик документтерине, ошондой эле ачык-айкындуулук, отчёттуулук, жоопкерчилик жана ыйгарым укуктарды натыйжалуу бөлүштүрүү принциптерине ылайык түзүлгөн.
Акционерлердин жалпы чогулушу, Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы банктын корпоративдик башкаруу системасын негизин тузөт.
Акционерлердин жалпы чогулушу — жогорку башкаруу органы болуп саналат. Акционерлердин жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын ички документтерине ылайык, Банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Директорлор кеңеши стратегиялык багытты камсыз кылуу, тобокелдиктерди тескөө ички контролдоо системасын, аткаруу органдардын ишин көзөмөлдөп туруктуулук маселелерин чечет.
Директорлор кеңешинин алдында банк Башкармасынын компетенциясына кирген айрым маселелерди алдын ала карап чыгуу жана алар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн түзүлгөн комитеттер иштейт. Банкта төмөнкү банк Башкармасынын комитеттери иштейт:
- Директорлор кеңешинин Аудит боюнча комитети;
- Директорлор кеңешинин Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитети;
- Директорлор кеңешинин Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитети;
- Директорлор кеңешинин Кредиттик комитети.
банк Башкармасы күнүмдүк ыкчам башкаруу жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген стратегияларды, саясаттарды жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн жооптуу.
Ошондой эле банктын корпоративдик катчысы бар. Корпоративдик катчы акционерлердин жалпы чогулушунун, Директорлор кеңешинин жана Банктын Башкармасынын ишин, анын ичинде отурумдарды өткөрүүнү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жеңилдетет жана уюштурат, ошондой эле алардын ортосундагы натыйжалуу жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Мындан тышкары, Корпоративдик катчы акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Банктын иш-аракеттерин координациялайт.
Банктын корпоративдик башкаруусу ички документтер системасы менен камсыздалат. Бул документтер башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, алардын өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жана жоопкерчиликке, кесиптик этиканын стандарттарына жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөөгө байланыштуу талаптарды аныктайт.

