«БЕКИТИЛДИ»
«КИКБ» ЖАК
башкармалыгы тарабынан
2025-жылдын «___»-________
№ 2025/__ протоколу
Кредиттик келишимдин типтүү формасына
Тиркеме №1
Бул №1 тиркеме (мындан ары «Тиркеме» деп аталат) Карыз алуучу менен «Кыргыз инвестициялык-кредит банк» жабык акционердик коомунун («Kyrgyz Investment and Credit Bank») (мындан ары «Банк» деп аталат) ортосунда түзүлгөн Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Карыз алуучу Кредиттик келишимге кол койгондо, Карыз алуучу бул Тиркемеге толугу менен кошулат. Карыз алуучу бул Тиркеме менен кылдат таанышып чыгышы керек.
1. Жалпы жоболор
1.1. Банк Карыз алуучуга Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн суммада жана шарттарда кредит берет, ал эми Карыз алуучу аны максаттуу пайдаланууга, Банкка кайтарып берүүгө жана Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөгө милдеттенет.
1.2. Кредиттик каражаттарды берүү Тараптар Кредиттик келишимге кол койгон күндөн тартып 1 (бир) айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
1.3. Кредит транштар менен берилген учурда, Карыз алуучу Банкка ар бир транш боюнча өзүнчө кредиттик каражаттарды берүүгө Өтүнмө берет.
1.4. _____________________________________________________ (Банк (Кредиттик комитет) тарабынан белгиленген өзгөчө (кошумча) шарттар – эгерде бар болсо).
2. Кредитти камсыздоо
2.1. Карыз алуучунун кредитти кайтаруу, пайыздарды, туумдарды төлөө, Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Банкка келтирилген зыяндардын ордун толтуруу, ошондой эле Карыз алуучунун карызын өндүрүүгө байланыштуу Банктын чыгымдарын жабуу боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо үчүн Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн камсыздоо берилет.
3. Кредитти берүү жана кайтаруу, пайыздарды эсептөө жана төлөө тартиби
3.1. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептөө Банк Карыз алуучуга кредит берген күндөн кийинки күндөн баштап жүргүзүлөт жана кредит толук кайтарылганга чейин ай сайын, айдагы иш жүзүндөгү күндөрдүн санына жана 360 күнгө барабар жылдагы күндөрдүн санына жараша эсептелет.
3.2. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар кредиттин төлөнбөгөн негизги суммасына эсептелет.
3.3. Туумдарды эсептөө кредиттин негизги карызы жана/же ага болгон пайыздар боюнча мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон күндөн башталат жана ар бир календардык ай ичинде кредит боюнча мөөнөтү өткөн карыздын суммасына, айдагы иш жүзүндөгү күндөрдүн санына жана 360 күнгө барабар жылдагы күндөрдүн санына жараша мөөнөтү өткөн карыз толук төлөнгөнгө чейин жүргүзүлөт.
3.4. Кредиттин негизги суммасын төлөө жана пайыздарды төлөө Карыз алуучу тарабынан кредит берилген валютада жана Кредиттик келишимге карата "A" тиркемесинде көрсөтүлгөн Кредитти төлөө графигине ылайык, төлөө күнү саат 16:00дөн
3.5. «Төлөп жабуу күнү» бул пайыздык төлөмдөрдү жана/же кредиттин негизги суммасын төлөө күнү же мөөнөтүнөн мурда төлөө күнү же Кредиттик келишимде каралган башка төлөмдөр. Эгерде Төлөп жабуу күнү иш күнүнө туура келбесе, анда Төлөп жабуу күнү болуп иш күнүнөн кийинки биринчи иш күнү эсептелет.
3.6. Кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай төлөө Карыз алуучу тарабынан каалаган убакта эч кандай комиссиясыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.
3.7. Кредитти жана пайыздарды, ошондой эле Кредиттик келишим боюнча Банк алдындагы башка төлөмдөрдү төлөө Карыз алуучу тарабынан төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- Банктын кассасына накталай акча каражаттарын төлөө аркылуу;
- Банк тарабынан көрсөтүлгөн эсепке которуу аркылуу;
- Банктын төлөм терминалдары жана мобилдик колдонмосу аркылуу;
- Тараптар тарабынан макулдашылган башка жол менен.
3.8. Эгерде Карыз алуучу төлөнүүгө тийиш болгон жана/же Банктын талабы боюнча төлөмдүн толук эмес суммасын төлөсө, анда кредит боюнча карызды төлөөнүн төмөнкүдөй кезектүүлүгү колдонулат:
(1) кредиттин негизги суммасы;
(2) карызды өндүрүү боюнча чыгымдар;
(3) кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар;
(4) бышмана (айып, туум);
(5) камсыздандыруу сыйлыгынын суммасы;
(6) карттык эсептер боюнча пайда болгон овердрафттын суммалары (анын ичинде техникалык, уруксат берилген);
(7) зыяндар.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Банк төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Эгерде Карыз алуучу Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса жана/же талаптагыдай аткарбаса, Банк Карыз алуучунун Банкта ачылган бардык эсептеринен кредиттин суммасын жана ага болгон пайыздарды, анын ичинде айыптык төлөмдөрдү, комиссияларды жана башка чыгымдарды төлөө үчүн бир тараптуу талашсыз тартипте акча каражаттарын эсептен чыгарууга укуктуу, ошондой эле Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган карызды өндүрүп алуу боюнча башка чараларды көрүүгө укуктуу.
4.1.2. Төмөнкү учурлардын бири келип чыкканда, кредиттин суммасын, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана Кредиттик келишим боюнча төлөнүүгө тийиш болгон башка төлөмдөрдү мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга:
1) Карыз алуучунун Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбашы же талаптагыдай аткарбашы, анын ичинде кредит жана мөөнөтү өткөн карыздын суммасына карабастан пайыздарды төлөө боюнча мөөнөтү өткөн карыздын пайда болушу;
2) Күрөөнүн жоголушу (жоголуу коркунучу), күрөөнүн абалынын начарлашы, анын наркынын төмөндөшү;
3) Күрөө келишимин камсыздандыруунун токтотулушу: бузуу, мөөнөтүнүн бүтүшү;
4) Карыз алуучунун кредитин максатсыз пайдаланышы;
5) Карыз алуучу тарабынан кредит алуу үчүн берилген маалымат жана документтердин анык эместиги;
6) төлөөгө жөндөмсүздүккө (банкроттукка) алып келиши мүмкүн болгон же Карыз алуучунун финансылык абалын кыйла начарлатышы мүмкүн болгон Карыз алуучуга карата доо арыздарынын берилиши.
4.1.3. Күрөөнүн наркы төмөндөгөн учурда, Карыз алуучуга Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди кошумча камсыз кылууну талап кылуу менен кайрылууга.
4.1.4. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде каалаган убакта күрөөнү жана Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле Карыз алуучунун иш берүүчүсүнөн керектүү маалыматты суратууга.
4.1.5. Карыз алуучунун макулдугу менен Кредиттик келишимге жана башка келишимдерге ылайык өзүнүн бардык же айрым укуктарын же милдеттенмелерин сатууга, өткөрүп берүүгө, башкага берүүгө же башка жол менен тескөөгө. Кредит боюнча талапты башкага берүү Карыз алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт жана өзүнчө макулдашуу менен таризделет. Ушул пункттун талаптары Банк кредиттик портфелди күрөө катары берген учурларга жайылтылбайт. Банк ушул пунктта каралган сатуу, өткөрүп берүү, башкага берүү же башка жол менен тескөө боюнча сунуш кылынган ар кандай байланышта, эгерде Банк зарыл деп эсептесе, ушул бүтүмгө тиешелүү маалыматты (анын ичинде, чектөөсүз, ар кандай келишимдердин көчүрмөлөрүн берүү) ачыкка чыгарууга укуктуу.
4.1.6. Карыз алуучуга берилген сумма өз убагында кайтарылбай тургандыгын айкын көрсөткөн жагдайлар болгон учурда, Карыз алуучуга кредит берүүдөн баш тартууга.
4.1.7. Кредиттик келишимдин жана ага байланыштуу кийинки бүтүмдөрдүн шарттары жөнүндө маалыматты кредиттик бюролорго берүүгө.
4.1.8. Кредитти төлөөгө багытталган төлөмдөрдү ар кандай үчүнчү жактардан кабыл алууга. Банк Карыз алуучунун карызын төлөө процессинде түз же кыйыр түрдө келип чыккан Карыз алуучу менен мындай үчүнчү жактын ортосундагы учурдагы жана кийинки мамилелери үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4.1.9. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде Күрөөгө коюлган мүлктү жоготуулардын, зыяндын жана жоопкерчиликтин бардык тобокелдиктеринен Банк үчүн алгылыктуу шарттарда камсыздандыруу компаниясында камсыздандыруу жана камсыздандыруу полисинде Банкты камсыздандыруу ордун толтуруу төлөмүн алуучу жалгыз жак катары көрсөтүү.
4.1.10. Мыйзамда каралган тартипте Карыз алуучу жөнүндө, ошондой эле анын мүлкү жөнүндө мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана мамлекеттик эмес уюмдардан маалымат суратууга.
4.1.11. Банк Карыз алуучунун Банкта ачылган эсебинде кредитти төлөө графиги боюнча төлөмдүн (төгүмдүн) өлчөмүндөгү акча каражаттарын кредитти төлөө күнүнө 1 жумушчу күн калганда резервге коюуга укуктуу, эгерде кредитти төлөө күнү дем алыш/майрам күндөрүнөн кийинки күнгө туура келсе жана эсепке түшкөн күн дем алыш/майрам күндөрүнөн кийинки жумушчу күн болуп эсептелсе.
4.2. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Карыз алуучунун талабы боюнча кредит боюнча карызды төлөө боюнча көчүрмөлөрдү жана анын талабы боюнча башка маалым каттарды 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде берүүгө.
4.2.2. Карыз алуучунун тийиштүү түрдө таризделген арызы боюнча Кредиттик келишим боюнча алынган кредит жөнүндө жана Карыз алуучунун кредиттик тартипти сактаганы жөнүндө маалыматты башка финансылык-кредиттик уюмга берүү үчүн арыз Банкка келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде берүүгө.
4.3. Карыз алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.3.1. Кредитти мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарууну Кредиттик келишимдин 3.6-пунктунда каралган шарттарда ишке ашырууга
4.3.2. Кредиттик келишим боюнча өзүнүн бардык укуктарын же милдеттенмелеринин бир бөлүгүн Банктын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана өткөрүп берүүгө.
4.3.3. Кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана карыз алуучу акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга.
4.4. Карыз алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.4.1. Кредитти төлөө жана пайыздарды төлөө боюнча милдеттенмелердин Кредитти төлөө графигине ылайык аткарылышын камсыз кылууга.
4.4.2. Банкка кирешеси жөнүндө маалыматты жылына бир жолу, ал эми жумуш ордун алмаштырган же кирешесинин өлчөмү өзгөргөн учурларда дароо берүүгө.
4.4.3. Кредит алганда, ошондой эле Келишимдин шарттары кийин өзгөргөндө Банкка Кредиттик келишимде каралган бардык комиссияларды төлөөгө жана кредит алууга, кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө салыктарды төлөөгө байланышкан бардык чыгымдарды көтөрүүгө.
4.4.4. Банкка ал же ал тарткан жактар тарабынан Кредиттик келишим боюнча карызды өндүрүү боюнча тартылган бардык чыгымдардын ордун толтурууга.
4.4.5. Алынган кредитти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу. Карыз алуучу Банкка кредиттин пайдаланылышын, ошондой эле анын ишкердик ишмердүүлүгүнүн абалын Банктын биринчи талабы боюнча текшерүүгө жана көзөмөлдөөгө шартсыз укук берет. Мында Карыз алуучу Банктын өкүлдөрүнө өзүнүн кампаларына жана башка жайларына эркин кирүүсүн камсыз кылууга, аларга өзүнүн финансылык абалына, кредиттин пайдаланылышына, күрөөнүн сакталышына жана абалына жана Банктын пикири боюнча кредиттин кайтарылышына жана ага чегерилген пайыздардын төлөнүшүнө таасир этиши мүмкүн болгон башка жагдайларга тиешелүү ар кандай маалыматты жана ар кандай документтерди берүүгө милдеттенет.
4.4.6. Банктын макулдугусуз башка юридикалык жана жеке жактардын милдеттенмелери боюнча кепил болууга (гарант болууга), анын ишкердик ишмердүүлүгүн башкаруу үчүнчү тарап тарабынан ишке ашырыла турган макулдашууларга кирүүгө, ошондой эле активдер сатууга арналган өндүрүлгөн же алынган товар болгон учурларды кошпогондо өзүнүн активдеринин 10 (он) пайызынан ашыгын сатуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө болбойт.
4.4.7. Финансылык-экономикалык абалынын өзгөрүшү же начарлашы же күрөөгө коюлган мүлктүн наркынын төмөндөшү учурунда, Банктын талабы боюнча Кредиттик келишимдин аткарылышына кошумча кепилдиктерди берүүгө же Банк тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө милдеттүү.
4.4.8. Өзүнүн дарегинин (жайгашкан жеринин), реквизиттеринин жана милдеттенмелерин аткарбоого себеп болушу мүмкүн болгон Кредиттик келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарууга байланыштуу бардык башка жагдайлар жөнүндө Банкка 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө, ошондой эле аларды четтетүү боюнча бардык чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү.
4.4.9. Банкка башка финансы-кредиттик мекемелерде кредиттердин бар экендиги жөнүндө маалымат берүү, анын ичинде жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери, жана бул кредиттер боюнча кредиттик тартипти сактоо жөнүндө маалыматты жылына 1 (бир) жолудан кем эмес берүү.
4.4.10. Башка финансылык-кредиттик уюмдар тарабынан кайра каржылоо учурунда кредиттин негизги суммасынын төлөнүүчү калдыгынын 5 (беш) % өлчөмүндө экинчи кезектеги күрөөгө документтерди берүү үчүн комиссиялык жыйымды төлөө.
5. Карыз алуучунун билдирүүлөрү жана кепилдиктери
5.1. Кредиттик келишимге кол коюуда Карыз алуучу төмөнкүлөргө кепилдик берет:
1) анын мүлкү эч кандай чектөөлөргө дуушар болбогон; анын каржылык абалы, ишкердик ишмердүүлүгү жана мүлктүк абалы жөнүндө берген маалыматтары анык болуп саналат;
2) анын мүлкүнө зыян келтирилиши мүмкүн болгон сот процесстеринде доогер, жоопкер же үчүнчү жак катары катышпайт;
3) Кредиттик келишимди түзүүдө жаңылыштыктын, зомбулуктун, коркутуунун, зыяндуу келишимдин же жагдайлардын таасири астында эмес.
5.2. Кредиттик келишимге кол коюуда Карыз алуучу ушуну менен Банкка Кредиттик келишим боюнча каалаган карызды анын банктык жана башка эсебинен акцептсиз (талашуусуз) эсептен чыгарууга ыйгарым укук берерин билдирет. Банк анын карамагында турган Карыз алуучунун каалаган мүлкүн кармап калууга укуктуу;
5.3. Кредиттик келишимге кол коюу менен Карыз алуучу Кредиттик келишимди түзүү (кол коюу) күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган башка ыкма менен кредиттик келишимдерди (бүтүмдөрдү) түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилебегенин, ошондой эле Кредиттик келишимге кол коюлган (түзүлгөн) күнгө карата Карыз алуучу тарабынан белгиленген кредиттик келишимди (бүтүмдү) түзүүгө аракеттеги өзүнө-өзү тыюу салуу жок экенин кепилдейт жана ырастайт.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Кредитти төлөө графигине ылайык Кредитти кайтаруу жана ага пайыздарды төлөө мөөнөттөрү бузулган учурда, Банк Карыз алуучуга Кредиттик келишим боюнча кечиктирилген карыздын суммасына кредиттин пайыздык ченине барабар өлчөмдөгү туум түрүндөгү бышмананы эсептейт, ал кечиктирилген карыздын иш жүзүндөгү мөөнөтүнө эсептелет, бирок берилген кредиттин суммасынын 10 (он) % ашпайт
6.2. Эгерде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алуу жол-жобосун козгосо, Банк Карыз алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган сот тартибинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алуу жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин бышмананы эсептөөнү токтотууга милдеттенет. Эгерде мөөнөтү өткөн карыз төлөнсө же Банктын күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алуу жол-жобосун козгоосуна негиз болгон милдеттенме башка жол менен аткарылса, бышмана эсептөөнү токтотуу күнүнөн тартып милдеттенме аткарылган күнгө чейин кайра эсептелип, Карыз алуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.
7. Жеңилгис күч жагдайлары
7.1. Тараптардын көзөмөлүнөн тышкары болгон жана алардын Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук кылган өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде жер титирөөлөр жана башка жаратылыш кырсыктары, мамлекеттик органдардын аракеттери жана чечимдери, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши, ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы, согуштук аракеттер, массалык башаламандыктардын тикелей же кыйыр түрдө көрүнүшүнөн улам келип чыккан жеңилгис күч жагдайлары (форс-мажордук жагдайлар) келип чыккан учурда, бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү Кредиттик келишимдин 7.2.-пунктунда каралган шарттар сакталганда, көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлардын аракеттенүү убактысына жараша жылдырылат, бирок алар бүткүл Кредиттик келишимди же алардын көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар башталгандан кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүн өз убагында аткарууга олуттуу таасир эткен өлчөмдө гана.
7.2. Форс-мажордук жагдайларга дуушар болгон Тарап, Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлардын башталышы жана аякташы жөнүндө экинчи Тарапка токтоосуз, бирок 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кабарлоого, ошондой эле мындай жагдайларды тастыктаган расмий документти берүүгө тийиш.
Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы Тараптарды Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт, болгону Тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтүн форс-мажордук жагдайлардын аракетинин мезгилине жылдырат, бирок мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырат
8. Башка жоболор
8.1. Кредиттик келишим боюнча же ага байланыштуу Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптар Кредиттик келишим менен пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда, Кредиттик келишимге байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар, анын ичинде Кредиттик келишимди түзүүгө, бузууга, токтотууга, жокко чыгарууга же жараксыз деп табууга тиешелүү талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш деп аныкташты.
8.2. Банк тарабынан Карыз алуучуга берилген бардык билдирүүлөр буйрутма кат жөнөтүү аркылуу тийиштүү түрдө ишке ашырылган жана жеткирилген деп эсептелет.
8.3. Карыз алуучу KICB мобилдик колдонмосу аркылуу арыз/кайрылуунун негизинде кредитти мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай төлөгөндө, Банк кредитти төлөө жана эсептелген пайыздарды төлөө боюнча жаңыланган графикти түзөт жана аны Карыз алуучуга Банкка жеке келгенде берет же Карыз алуучудан жеке кабинетинде, KICB мобилдик колдонмосунун "Кредиттер" бөлүмүндө таанышуу үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.