«Жашыруун сатып алуучу» ыкмасы аркылуу сервистин сапатын изилдөө кызматтарын көрсөтүү боюнча конкурс
ЖАК Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы "Жашыруун сатып алуучу" ыкмасы менен сервистин сапатына изилдөө жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө конкурс жарыялайт жана сизди катышууга чакырат.
Сынакка катышуу үчүн катышуучу төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
• Юридикалык жак- Кыргыз Республикасынын резиденти,
• Корпоративдик сектордо "Жашыруун сатып алуучу" ыкмасын колдонуу менен кызмат көрсөтүүнүн сапатына изилдөө жүргүзүү тажрыйбасы, рекомендациялардын жана контракттардын болушу (банкка берүү)
• кызматтын сапаты, кардарлардын канааттануусу ж. б. чөйрөсүндө башка изилдөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы,
• ЕРӨБ, ЕККУ, ПРООН же башка эл аралык уюмдарды аккредитациялоо.
Баа сунушу менен бирге төмөнку укук ченемдүү документтерди берүүнү суранабыз: күбөлүктүн көчүрмөсу, устав, директорду дайындоо жөнүндө чечими, сертификаттар, тизме же буга чейин аткарылган ушундай келишимдердин көчүрмөлөрү, сунуштама каттары.
Техникалык тапшырманы алуу үчүн кызыкчылык кат билдирүүсүн [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Конкурстук табыштаманы 26 сентябрында саат 16:00дөн кечиктирбестен чапталган конвертте төмөнкү дарек боюнча берүү зарыл: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, бул. Эркиндик, 21 же [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.