KICB «Жеңил которуулар – жаркын эс алуу» акциясынын жеңүүчүлөрүн аныктады
KICB 2025-жылдын 1-августунан 31-октябрына чейин өткөн «Жеңил которуулар – жаркын эс алуу» акциясынын жыйынтыктарын чыгарды. Акция эл аралык акча которуу системаларын камтыган: Astrasend, Золотая Корона, RIA жана Western Union.
Акция өлкөнүн бардык аймактарындагы кардарлар арасында чоң кызыгууну жаратты. Кыргызстандын ар кыл аймактарында жашагандар акчаларын жөнөтүү жана алуу менен активдүү катышып, утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатышты.
Акцияга катышуу үчүн ай сайын кеминде үч акча которууну жөнөтүү же алуу талап кылынган. Кардардын активдүүлүгү канчалык жогору болсо, сыйлыктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болгон.
Акциянын жыйынтыгы боюнча эң көп которуу жасаган эки башкы жеңүүчү аныкталды. Алар саякат сертификаттарына ээ болуп, жаркын таасирлерге жана татыктуу эс алууга жол алышты.

ВҮч ай ичинде банк эң активдүү катышуучуларды ай сайын аныктап, төмөнкү баалуу сыйлыктарды тапшырды:
• Samsung телефондору
• Samsung Galaxy Watch сааттары
• Үй техникасын сатып алуу үчүн сертификаттар
• Ресторандарга сертификаттар
Жеңил жана жеткиликтүү которуулар күнүмдүк каржылык турмуштун бир бөлүгү гана болбостон, жагымдуу бонустарды да алып келиши мүмкүн.
KICB бардык катышуучуларга ишеним жана активдүүлүк үчүн ыраазычылык билдирет. Биз кардарларды пайдалуу сунуштар жана жаңы долбоорлор менен кубандырууну улантабыз.
Акча которууларды жасаңыз, KICB менен бирге болуңуз жана кыялдарыңызды ишке ашырыңыз!

