Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Visa карта менен тез акча которуңуз!

visa_to_visa
visa_to_visa

KICB Visa төлөм картасынын ээлери үчүн картанын номери же телефон номери боюнча акча каражаттарын которуу боюнча жаңы кызматтарды, ошондой эле башка банк тарабынан чыгарылган Visa картаңыздан KICB Visa картаңызды толуктоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктү ишке киргизгенин жарыялайт.

Эми сиз акча которуу үчүн банкта кезекке турбайсыз, эч кандай кагаздарды толтурбайсыз, алуучу да код алып чет өлкөдөн банк кеңсесин издебейт. Акча каражаттарын жөнөтүү же алуу үчүн Visa төлөм картасынын ээсинин картасынын номерин же телефон номерин билүү жана KICBден Visa картасы ээси болушу эле зарыл.

Ишиңизди, эс алууңузду же саякатыңызды үзгүлтүккө учуратпай, балдарыңызга чет өлкөдө билим алуу үчүн, башка мамлекеттердеги туугандарыңызга, досторуңузга белекке KICB мобилдик тиркемесине кирип Visa картасына которуунун каалаган вариантын тандап, бир заматтын ичинде акча которуңуз!

Дээрлик ар бир адамдын ар кандай банктардын бир нече төлөм карталары бар. Ал эми көбү чет өлкөдөгү компаниялар үчүн алыстан иштешет. Бир нече тиркемелерди колдонуу дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт, өзгөчө бир картага акча чогултуу керек болгон учурлар болот. Сиз KICB Visa картаңызды башка банктардын Visa карталарынан бир заматта толуктоо мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы кызматтарды ишке киргизүүнүн урматына 2024-жылдын 1-августунан 30-сентябрына чейин KICB мобилдик тиркемесинин кардарлары Visa өз картасын толугу менен акысыз толуктай алышат*.

Акча которуунун ыңгайлуулугунан, жөнөкөйлүгүнөн жана жеңилдигининен ырахат алыңыз, эң негизгиси убакытты текке кетирбеңиз! Visa картаңызды бекер толуктоо мүмкүнчүлүгүн колдонуңуз!

Которуу үчүн картаңыздын PIN кодун, жарактуулук мөөнөтүн же CVV2 кодун, жада калса сиз жакшы тааныган адамдар менен бөлүшүүнүн кереги жок экендигин унутпаңыз.

Маалымдама маалымат:

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы – 23 млн. АКШ доллары. Банктын бүткүл өлкө боюнча 55 филиалы бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт.  VISA International төлөм системасынын негизги өнөктөшү.

Visa International санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер болуп 200дөн ашык өлкөдө катышуусу бар. Чыгарылган карталарды саны 4,4 миллиарддан ашып, нарки 15,3 триллион доллардан ашты. Visa карталарына тез которуу кызматы дүйнөдө 20дан ашык өлкөдө жеткиликтүү. Акча которуу кызматы жеткиликтүү болгон өлкөгө которуу болот*.