KICB – Аймактагы бизнестин ишенимдүү өнөктөшү

Токмок - Кыргызстандын тез өнүгүп жаткан шаарларынын бири. Бул жерде шаардын инфраструктурасы жаңыланып, ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул процесстен четте калбай, KICB да Токмок шаарындагы филиалын жаңылады.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана эл аралык каржы институттары тарабынан негизделген KICB банкы быйыл өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
Бул 25 жыл банк үчүн да, Кыргызстандын каржы рыногу үчүн да абдан маанилүү болду. Банк алгачкылардан болуп өз облигацияларын чыгарган, бүгүнкү күндө Кыргызстанда америкалык Citibank менен өнөктөш болгон биринчи банк. KICB бүгүнкү күндө ишенимдүү банк болуп, аймактарда өнүгүү стратегиясын так кармап, кардарлары үчүн эң ыңгайлуу тейлөө шарттарын түзүп жатат.

Банк кардарларына заманбап банктык продуктыларды сунуштайт. Кардарлар банкка барбастан KICB мобилдик тиркемеси жана ошондой эле ишкерлер менен юридикалык жактар үчүн KICB Business тиркемеси аркылуу кызматтарды аралыктан ала алышат.
«Токмок шаарындагы KICB филиалы биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул шаарда өнөр жай, агросектор, соода жана шаардык инфраструктура масштабдуу өнүгүп жатат. Бул жерде турак жай жана жолдорду куруу иштери кеңири жүргүзүлүүдө. Токмокто көп ишкерлер бар экенин эске алып, биз кызматтардын сапатын жогорулатууга, жаңы технологияларды жана банктык продуктуларды киргизүүгө аракет кылып жатабыз» - деп белгиледи KICB Башкармалыгынын Төрагасы Ариф Али мырза.
KICB мобилдик тиркемеси аркылуу Кытайдагы Union Pay картасына ылдам акча которуулар бүгүн оңой болуп калды. Ошондой эле Золотая Корона, Астрасенд, РИА жана Вестерн Юнион сыяктуу тез акча которуу системалары жеткиликтүү, андан тышкары америкалык Citibank аркылуу SWIFT которуулары абдан төмөн тарифтер менен жүргүзүлөт.
KICB мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы ишмердүүлүгүн кеңейтип, калкка сапаттуу каржы кызматтарын жеткиликтүү кылууну жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантат.

