KICB туруктуу өнүгүү боюнча
биринчи Отчетун жарыялады
биринчи Отчетун жарыялады
«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК туруктуу өнүгүү боюнча өзүнүн биринчи Отчетун даярдап, жарыялады.
Документ Банктын жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча ыкмасын чагылдырып, корпоративдик башкаруу, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү, санариптик өнүгүү, маалыматтык коопсуздук, социалдык саясат жана экологиялык жоопкерчилик багыттарындагы ишмердүүлүктүн негизги аспектилерин ачып берет.
Отчетту даярдоо ачык-айкындуулук практикаларын өнүктүрүүдө жана туруктуу өнүгүү принциптерин Банктын ишмердүүлүгүнө ырааттуу интеграциялоодо маанилүү этап болуп калды. Документте ишмердүүлүктүн негизги жыйынтыктары жана ESG-факторлорду башкаруу боюнча ыкмаларды мындан ары өркүндөтүү багыттары көрсөтүлгөн.
Банк кызыкдар тараптар менен ачык диалогду мындан ары да бекемдеп, туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди өнүктүрүүнү улантат.

