Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Студенттерге билим алуу үчүн KICBнин Кванг Янг Чой стипендиясы ыйгарылды

KICB Кванг Янг Чой стипендиялык программасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү тандоо сынагын расмий түрдө жыйынтыктады.

2026–2027-окуу жылына карата тандоонун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасындагы 17 жогорку жана орто кесиптик окуу жайынын 31 студентине стипендия ыйгарылды. KICB жалпысынан 2 миллион сом бөлүп, каражатты түздөн-түз окуу жайлардын эсептерине которду.

Эскерте кетсек, Кванг Янг Чой стипендиялык программасы 2024-жылдын 19-августунда негизделген. Анын максаты — жогорку же атайын орто кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу, социалдык жактан аялуу катмардагы: ата-энесинин камкордугусуз калган, жалгыз бой ата-энелүү же көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана каржылык жардамга муктаж болгон таланттуу жаштарды колдоо. Стипендия окуу жылына 1000 АКШ долларына чейинки окуу акысын жабат жана ал каражат Кыргызстандагы окуу жайларында гана колдонулат.

Банк таланттуу жаштарга атайын орто же жогорку билим алууга жана каалаган кесибине ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүү аркылуу аларды колдоону көздөйт. Окуудагы жетишкендиктердин жогорку деңгээли сакталган шартта, программа стипендияны кийинки жылдарга узартууга мүмкүндүк берет.