KICB Кванг Янг Чой атындагы стипендия ыйгарылды
2024-жылдын сентябрында KICB 16 жаштан 24 жашка чейинки жаштарды колдоо максатында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын абитуриенттери жана 2-4-курстарынын студенттери үчүн билим берүү чыгымдарын жабуу максатында KICB Башкармалыгынын биринчи Төрагасы Кванг Янг Чой атындагы стипендияны негизделген.
Банк таланттуу жаштарга өздөрү каалаган кесипке ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүп, аларды колдоого умтулат. Стипендия ээлеринин арасында: «Эл аралык финансы», «Финансы жана кредит», «Интернет технологиялары жана менеджменти», «Клиникалык психология», «Колдонмо математика жана информатика», «Стоматология», «Бухгалтердик эсеп» жана башка адистиктердин студенттери. Стипендия Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн билим берүү мекемелеринде бир окуу жылы үчүн окуу акысын төлөө үчүн жалпы суммасы 870 000 сомдон ашык, Кыргызстандын 9 түрдүү ЖОЖдорунун 1 курстун 4 курсуна чейинки 16 стипендиантына берилди.
KICB Кыргызстандагы корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү принциптерин бекем карманган алгачкы банктардын бири.
Жакында сынактын жеңүүчүлөрү бири бири менен жана Банктын Башкармасынын мүчөлөрү менен, Банктын тарыхы жана баалуулуктары менен таанышуу үчүн жолугушуга келишет. Бул стипендия туруктуу болуп жаштардын жогорку билим алуу максатына жетүүсүнө колдоо көрсөтөт, алардын кыялындагы адистиги өлкөдөгү башка көптөгөн ири компаниялар үчүн жакшы негиз жана үлгү болот деп ишенибиз.
Маалымдама:
Кванг Янг Чой – көрүнүктүү финансист, 2001-жылдан 2019-жылга чейин KICB Башкармасынын Төрагасы. Кванг Янг Чой мырза мыкты финансист гана эмес, кесипкөй банкирлердин бир нече муунун тарбиялаган шыктандыруучу лидер болгон. KICB банкын дээрлик 20 жыл жетектеп, өзүнүн билими жана зор тажрыйбасы менен KICB банкын Кыргызстандын финансы рыногундагы алдыңкы оюнчулардын бири, туруктуулуктун, ишенимдүүлүктүн жана инновациялардын символу кыла алган. Сеулдагы (Корея) Соган Университетинин Коммерциялык колледжин аяктап, банктык карьерасын Korea Exchange Bank (KEB) банкында баштаган жана ал жерде дээрлик 20 жыл, анын ичинде АКШдагы жана Англиядагы кеңселеринде иштеген.
КРУБ Лицензиясы 046