«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК Олуттуу факт жөнүндө жарыялайт::

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коому Сиздерге Банктын акционерлеринин үлүшүндөгү төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.

Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду («AKFED») (дареги: Швейцария, Женева 1202, 1-3 Avenue de la Paix) Банктын акционери – Эл аралык финансы корпорациясынан («IFC») (дареги: АКШ, Вашингтон ш., Колумбия округу, 20433, 1818Н str., N.W.) 4 600 даана санында Банктын 2% акциясын, Банктын акционеринен – Немис Инвестициялар жана Өнүктүрүү боюнча корпорациясынан («DEG») (дареги: ФГР, Кельн ш., Kammergasse 22, 50676) 4 600 даана санында 2% акциясын жана Банктын акционеринен – Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынан («EBRD») (дареги: Улуу Британия, Лондон ш., 5 Бэнк Стрит, Лондон, E14 4BG) 4 600 даана санында 2% акциясын сатып алды.

Азыркы убакта Банктын акциясы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

- Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду – 72 % (165 600 даана)

-Хабиб Банк Лимитед – 18 % (41 400 даана)

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд – 10 % (23 000 даана)


КРУБ лицензиясы №046