Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB Кванг Янг Чой атындагы стипендияны негиздеди

KICB ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу жана финансылык жардамга муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан 16 жаштан 24 жашка чейинки курактагы жаштарга колдоо көрсөтүү максатында абитуриенттер жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 2-4-курсунун студенттери үчүн окууга чыгымдарын жабууга багытталган стипендияны негиздеди.

Банк таланттуу жаштарга орто атайын жана жогорку билим алуу, каалаган кесиптин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен, аларга колдоо көрсөтүүгө умтулат. Стипендия Кыргызстандын жарандарына КР сому менен эквивалентинде 1000 (бир миң) АКШ долларына чейин өлкөнүн билим берүү мекемелеринде бир окуу жылынын окуу акысын төлөө үчүн берилет. Академиялык жетишкендиктери жогорку деңгээлде болгон шартта программа кийинки жылдары стипендия алуу мүмкүнчүлүгүн узартууга жол берет.

KICB – Кыргызстандагы корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүктүрүү принциптерин так сактаган алгачкы банктардын бири. Билим берүү коомду өнүктүрүүгө таасир тийгизет жана экономикалык өсүш үчүн пайдубал болуп саналат. Банк билим берүүгө салым кошуу менен, таланттуу жаш кыргызстандыктардын ийгиликтүү келечеги үчүн бирдей шарттарды түзүүгө болот деп бекем ишенет.

Стипендия алууга арналган сынакка катышуу үчүн жаштар төмөндөгү шарттарга жооп берүүгө тийиш:

  • 16 жаштан 24 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жараны болуу

  • КРнын ЖОЖ же КООЖ 2-4-курсунун студенттери үчүн жогорку академиялык жетишкендик, абитуриенттер үчүн – 150 баллдан жогору ЖРТ
  • 2024-жылдын 27-сентябры саат 18:00гө чейин керектүү документтердин тизмесин берүү.

Жаш таланттуу кыргызстандыктарды сынакка катышууга жана KICB банкынан финансылык колдоо алууга чакырабыз.

Кеңири маалымат менен банкта же www.kicb.net сайтында таанышууга болот.

Маалымдама:

Кванг Янг Чой – көрүнүктүү финансист, 2001-жылдан 2019-жылга чейин KICB Башкармасынын Төрагасы. Кванг Янг Чой мырза мыкты финансист гана эмес, кесипкөй банкирлердин бир нече муунун тарбиялаган шыктандыруучу лидер болгон. KICB банкын дээрлик 20 жыл жетектеп, өзүнүн билими жана зор тажрыйбасы менен KICB банкын Кыргызстандын финансы рыногундагы алдыңкы оюнчулардын бири, туруктуулуктун, ишенимдүүлүктүн жана инновациялардын символу кыла алган. Сеулдагы (Корея) Соган Университетинин Коммерциялык колледжин аяктап, банктык карьерасын Korea Exchange Bank (KEB) банкында баштаган жана ал жерде дээрлик 20 жыл, анын ичинде АКШдагы жана Англиядагы кеңселеринде иштеген.