
Шылуундар тууралуу эскертүү!
Урматтуу кардарлар, шылуундуктун көбөйүп жаткан учурлары тууралуу эскертебиз.
Шылуундар жарандарга, анын ичинде жашы жете элек адамдарга, мобилдик түзмөктөргө массалык билдирүүлөрдү жөнөтүп, өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери (ИИМ, Мамлекеттик салык кызматы ж.б.) катары тааныштырышат.
Алар билдирүүлөрдө чектелген контентти (18+) көргөндүгү үчүн айып пулду, мүлк салыгы боюнча карызды жана башка себептерди көрсөтүп, банк карталарынын реквизиттерин белгилеп, шашылыш төлөмдөрдү талап кылышат.
Шылуундар коркутуу жана психологиялык басым аркылуу мыйзамсыз акча алууга аракет кылышат.
Сиздерди этият болууга чакырабыз: белгисиз адамдарга акча которбоңуздар, банк карталарыңыздын маалыматын жана мобилдик тиркемеге кирүү мүмкүнчүлүгүн бербеңиздер.