Сак болуңуздар, алдамчылар!
Урматтуу кардарлар, абайлаңыздар! Акыркы учурда телефон чалуу аркылуу алдагандардын саны көбөйдү. Алдамчылар банк, укук коргоо кызматкерлеринин жана уюлдук байланыш операторлорунун атынан чалып жатышат. Алар “коопсуз” эсепке акча которууну суранууда жана бышыктоочу коддорду, PIN-код, CVV/CVC коддорду же башка жашыруун маалыматты алганга аракет кылып жатышат. Банктын кызматкерлери мындай сураныч менен кардарларына эч качан чалбайт. Эгерде сизге кайрылган адамдардан шек санасаңыз, бул номерлер аркылуу банкка чалып, тастыктаңыз: +996 (312 / 553 / 774 / 704) 62 01 01, кыска номер 8787.

