Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB аркылуу дүйнөнүн 190+ өлкөсүнөн акча которууларды Ria менен алыңыз! Аралыктарды кыскартабыз

   Убакыт — адамдагы эң баалуу ресурс. Ошондуктан каражатты үнөмдөп, жакындарыңызга акчаны тез жана коопсуз жөнөтүү же алуу абдан маанилүү. Бирок акча которууда адамдар көбүнчө коопсуздук маселеси менен да бетме-бет келишет.

   Эми KICB банкында дүйнөдөгү ири акча которуу системаларынын бири — Ria жеткиликтүү. 200дөн ашык өлкөдө 580 000ден ашуун тейлөө түйүндөрү менен Ria дүйнөнү жакындатат. Америкадан, Европадан же Азиядан — эми бардык өлкөлөр мурдагыдан да жакын.

   Эмне үчүн Ria котормолору дүйнө жүзүндөгү адамдарды кызыктырат?

  1. Коопсуздук. Ria кардарлардын төлөм маалыматын серверлеринде сактабайт. Бул сиздин банктык маалыматтарыңыздын корголушуна кепилдик берет.
  2. Ылдамдык. АКШ доллары жана евро менен жөнөтүлгөн акчалар KICB аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде жетет — эч кандай жашыруун комиссияларсыз.
   Ria Money Transfer кызматы азыр Кыргызстандын бардык KICB бөлүмдөрүндө жеткиликтүү. Которууну алуу үчүн жөн гана жакынкы банк бөлүмүнө кайрылыңыз. Ылдам, коопсуз жана ыңгайлуу!

Маалымат үчүн:
Ria Money Transfer компаниясы 1987-жылы Нью-Йорк шаарында негизделген. Бүгүнкү күндө 4 000ден ашуун кызматкер иштейт жана дүйнөнүн 200 өлкөсүндө 580 000ден ашык пункт менен кызмат көрсөтөт. Ria — дүйнөдөгү эң ири эл аралык акча которуу провайдерлеринин бири.