Артыкчылыктар боюнча толук гид: KICB'ден Mastercard Black Edition'дин мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө жана сапарларда кантип колдонуу керек
KICB'ден Mastercard Black Edition премиалдык картасы – бул жөн гана төлөм каражаты эмес, сиздин ыңгайлуулук, коопсуздук жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар дүйнөсүнө ишенимдүү жолдомоңуз. Учууга чейин жана сапарда жеткиликтүү сервистер менен кантип колдонуу керек, келиңиз чогуу жөндөп, талдайлы!
-
Аэропорттордун бизнес-залдарына Lounge Key программасы аркылуу бекер кирүү
Ыңгайлуулук менен сапарга чыгып, каттамыңызды бизнес-лаундждардагы жайлуу атмосферада күтүңүз.
Кантип колдоносуз:
-
Lounge Key тиркемесин көчүрүп, аккаунт ачыңыз. Логин менен сыр сөздү сактаңыз.
-
Паспорттук текшерүүдөн соң, бизнес-лаундж аймакты тандаңыз (бардык жеткиликтүү залдарды тиркемеден карасаңыз болот).
-
Lounge Key мобилдик тиркемесинен электрондук картаңызды кире бериштеги менеджерге көрсөтүңүз.
-
Mastercard Black Edition картаңызды менеджердин талабы боюнча текшертиңиз.
-
Маанилүү: Карта активдүү, балансы 1 USD'ден жогору болушу шарт.
Толук маалыматты расмий сайттан: loungekey.com/en/wbe-kgz алыңыз.
Учууга чейин ыңгайлуулук менен жайлуулуктан рахат алыңыз! Ак жол!
-
-
Fast Track акысыз кызматы (текшерүүнү тез өтүү)
Fast Track кызматы менен убакытыңызды үнөмдөп, аэропорттогу кезектерди унутуңуз.
Кантип алса болот:
-
Mastercard Travel Pass тиркемесин жүктөп, катталыңыз. Fast Track кызматын учууга чейин брондоңуз. Өткөрмөнү Mastercard Travel Pass сайтынан да брондоого мүмкүн.
-
Аэропортту, сапарга чыккан адамдардын санын жана каалаган убакытты тандаңыз.
-
Fast Track өткөрмөңүздү тиркемеден жана электрондук почта аркылуу алыңыз.
-
Fast Track аймагына өтүп, тиешелүү терминалдан өткөрмөнү көрсөтүңүз.
Маанилүү: Бир же бир нече күн алдын ала брондоо талап кылынат. Ар бир конкреттүү аэропорттун талабын тиркемеден же сайттан тактоо зарыл.
-
-
Интернет-роуминг: 5 күн чет өлкөлүк сапарларда 1 ГБ
Дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы жакындар жана кесиптештер менен байланышта болуңуз.
Кантип туташтыруу керек:
-
Flexiroam тиркемесин жүктөңүз.
-
Mastercard белгисин басып, каттоо эсебин түзүү үчүн картаңыздын номерин жана электрондук дарегиңизди киргизиңиз.
-
e-SIM'ди активация кылуу үчүн "Старт пакетин алууну" басыңыз.
-
Телефондун ырастоолорунда Flexiroam маалыматтарынын роумингин активация кылыңыз.
-
Верификациядан өтүп, тарифтик планды күйгүзүңүз.
-
Бонус: Сиз кошумча тарифтик планды 15% арзандатуу менен ала аласыз.
Сапардан ырахат алып, дайыма байланышта болуңуз!
-
-
Сапарда үй бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн эл аралык камсыздандыруу
Чет өлкөдө сиздин жана жакындарыңыздын коопсуздугу ишенимдүү корголгон.
Медициналык камсыздандыруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
Кырсыктан жеке камсыздандыруу — 500 000 USD чейин.
-
Шашылыш эвакуациялоо жана репатриациялоо — 500 000 USD чейин.
-
Медициналык чыгымдар — 500 000 USD чейин.
-
Ооруканада жатуу үчүн акчалай жөлөк пул — күнүнө 100 USD.
-
Бүт үй бүлөнү камтуу: жубайын, балдарын, ата-энесин жана үйдөгү жардамчысын.
Сапарда ыңгайсыздыктардан камсыздандыруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
Сапарды жокко чыгаруу / кыскартуу — 7 500 USD.
-
Сапардан 4 сааттан ашуун кечигүү — 300 USD.
-
Каттамга кечигүү — 300 USD.
-
Жүктүн жоголушу — 3 000 USD чейин (бир даана үчүн максимум 625 USD).
-
Жүктүн 4 сааттан ашык кармалышы — 300 USD.
Кантип колдонуу керек жана эрежелер:
-
Арызды берүү үчүн сайтка: mcpeaceofmind.com кирүү керек.
-
Сапардын узактыгы: эки тарапка баруу үчүн максимум 180 күн (бир тарапка баруу үчүн 90 күн), Mastercard Black Edition картасы менен сатылып алынган, кетүү жана кайтуу күнүн эске алганда.
-
Камсыздандыруу ар дайым жашаган шаардан 100 км ашуун ички каттамдарды да камтыйт.
-
-
Аэропорттордогу кафе жана ресторандардагы атайын сунуштар
Mastercard Travel Pass программасы боюнча эксклюзивдүү бонустар менен каттамды күтүүнү жагымдуу кылыңыз.
-
25% га чейин арзандатууларга, 20 USD чейин ваучерлерге жана дүйнө жүзү боюнча аэропорттордогу ресторандарда бекер сунуштарга ээ болуңуз.
-
Сервис Mastercard Travel Pass тиркемесинде же сайтта жеткиликтүү.
Толук маалыматты: travelexperiences.mastercard.com сайтынан алыңыз.
-

