АКЦИЯ! Онлайн кредит — жаңы мүмкүнчүлүктөр

KICB онлайн-кредиттөө боюнча акциянын башталганын жарыялайт. 2026-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин кардарлар KICB мобилдик тиркемеси аркылуу пайдалуу шарттар менен кредит ала алышат.
Акциянын алкагында онлайн-кредит боюнча пайыздык чен жылына болгону 20% түзөт. Бул продуктту кардарлар үчүн дагы жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.
Кардарлар үчүн төмөнкү шарттар сунушталат:
- күрөөсүз жана кепилсиз
- банкка барбастан, толугу менен онлайн тариздөө
- 24/7 жеткиликтүү
- сумма 200 000 сомго чейин
- мөөнөтү 24 айга чейин
Онлайн-кредитти KICB мобилдик тиркемеси аркылуу бир нече кадам менен оңой эле тариздөөгө болот - система арызыңызды автоматтык түрдө карап чыгып, жактырылган учурда каражат эсепке түшөт.
KICB менен ар бир максатыңыз ишке ашат!

