KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредиттер жөнүндө
KICB онлайн кредиттерди берүү процессинде өзгөртүүлөрдү киргизгенин маалымдайт. KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредит төмөнкү убакыттын ичинде түшөт:
• 50 000 сомго чейинки - бир нече мүнөттүн ичинде;
• 50 001 сомдон 100 000 сомго - 4 саатта;
• 100 000 сомдон жогору - 12 сааттын ичинде.
Белгиленген убакыттын ичинде Банк кредит алууга макулдугуңузду ырастоо үчүн контролдук чалуу жүргүзөт. Сиз кредит алуудан баш тартсаңыз болот, анда арызыңыз жокко чыгарылат.
Бул чаралар финансылык кызматтардын шарттарын жакшыртууга, кардарлардын укуктарын коргоого, кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана финансылык камсыздоого багытталган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына негизделет. Кошумча суроолоруңуз болсо, KICB 24 саат бою иштеген байланыш борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот (312/ 0553/ 0774/ 0704) 62 01 01.