Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар






    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү!  

Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат. 

Бул кантип ишке ашырылат?  

Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн-кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.  

Өзүңдү кантип коргой аласың? 

1. Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз жакшы. 

2. Эгерде мындай чалуу шектенүү жаратса, банктардын веб-сайтында, мобилдик тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалышыңыз зарыл же банктын жакынкы офисине кайрылышыңыз керек;  

3. Банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу чалбай тургандыгы жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгы эсиңизде болсун;  

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек? 

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек. 

ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ!  Алдамчылардын схемалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок башкы максаты - сизди ишендирип, эсебиңиздеги акчаны котортуу үчүн сизди адаштыруу. Сиз акчаңызды которгон учурда, шылуундар максатына жеткен болот.  

МААНИЛҮҮ! Керектөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банкын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына: Инстаграм-nbkr_kg; Facebook жана Telegram каналдарына көз салып туруңуз. Веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде ФКУ жаңылыктары жана билдирүүлөрү менен таанышып туруңуз.  

Финансы-кредит уюмдарынын иш-аракеттерине даттануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 0312 31 29 48