Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар


KICB Кыргызстандагы алгачкы тоолуу жогорку технологиялуу госпиталдын түзүлүшүн колдоду

   KICB банкы Кыргызстандагы алгачкы жогорку технологиялуу тоолуу госпиталды Нарын шаарында түзүү долбоорун колдоо үчүн 500 миң АКШ долларын бөлүп, Ага Хандын Өнүктүрүү Уюму тарабынан каржыланган демилгеге өз салымын кошту.

   Жаңы госпиталь жүрөк-кан тамыр ооруларынын диагнозун коюу, алдын алуу жана дарылоо боюнча адистешет. Бул медициналык борбор тоолуу аймактардагы тургундар үчүн өтө маанилүү болуп саналат, анткени мындай региондордо адистештирилген кардиологиялык жардам жеткиликтүү эмес.

   Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен, Улуттук кардиология жана терапия борбору, Ага Хандын фонду Кыргызстанда жана Нарын бириктирилген облустук ооруканасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

   Иш-чаранын негизги максаты – жүрөк-кан тамыр ооруларынан келип чыккан өлүмдүн көрсөткүчү жогору болгон аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү өлүм учурларынын болжол менен 50 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынын үлүшүнө туура келет.

   Долбоордун алкагында Нарын облустук ооруканасында заманбап катетеризациялык лаборатория (Cath Lab) түзүлөт – бул жүрөккө тийиштүү так диагноз коюу жана аз инвазивдүү операцияларды жүргүзүү үчүн эң алдыңкы ангиографиялык комплекс, мониторинг жана визуалдаштыруу системалары менен жабдылган адистештирилген борбор болот.

   Мындан тышкары, долбоор эл аралык адистердин жана Time and Knowledge Nazrana (TKN) программасынын ыктыярчыларынын катышуусунда медициналык кызматкерлерди жана дарыгерлерди окутууну камтыйт. Бул топту АКШдагы белгилүү интервенциялык кардиолог, доктор Насир Жамал жетектейт. Ошондой эле, Кыргызстанда биринчи жолу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган SafeCare сертификаттоо программасы киргизилет.

   Долбоор технологиялык жактан эле эмес, социалдык жана профилактикалык мааниге да ээ:

• жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү;

• алыскы аймактарда калкты скрининг жана көчмө медициналык текшерүүдөн өткөрүү;

• телемедицинаны өнүктүрүү жана жарандарга онлайн-консультация алуу жана дарыгерге жазылуу мүмкүнчүлүгүн берген улуттук мобилдик тиркемени ишке киргизүү.

   Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, профессор Талант Сооронбаевдин айтымында, Нарын шаарында жогорку технологиялуу госпиталдын түзүлүшү - «тоолуу аймактардын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамга тең мүмкүнчүлүк түзүү жолундагы тарыхый кадам».

   KICB банкынын бул долбоордогу катышуусу банктын миссиясы жана көз карашы менен шайкеш келет – Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө, кардарларга, коомго жана айлана-чөйрөгө кам көрүү аркылуу олуттуу салым кошуу.