KICB америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү
KICB финансылык жана технологиялык сектордогу алдыңкы америкалык компаниялардын өкүлдөрү – Nasdaq, StoneX Group Inc. жана Concrete Engine менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, санариптик чечимдерди киргизүү, эл аралык эсептешүүлөрдү жакшыртуу маселелерин талкуулап, заманбап технологиялар жаатында тажрыйба алмашышты.
Банк эл аралык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүп, туруктуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берет.

KICB үчүн АКШдагы Citibank банкы менен болгон стратегиялык өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ. Дал ушул банк аркылуу кардарлар үчүн чек ара аралык эсептешүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылган эл аралык SWIFT-которуулар жүргүзүлөт.
Кардарларга АКШ долларында SWIFT-которууларды төмөндөтүлгөн тарифтер менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү. Мобилдик тиркеме аркылуу которуулар үчүн комиссия 0,15% түзөт, банк бөлүмдөрүндө – сумманын 0,2%. Минималдуу комиссия – 35 АКШ доллары, ал эми максималдуу комиссия – 300 АКШ доллары.
Банк Кыргызстандагы жеке жана юридикалык жактар үчүн гана эмес, эл аралык компаниялар үчүн да ишенимдүү өнөктөш катары бекем позициясын камсыз кылды. KICB ачыктыкка, жоопкерчиликке жана эл аралык стандарттарды сактоого негизделген туруктуу ишкердик мамилелерди түзүүдө.
KICB – ишенимдүү банк!
Маалымат үчүн:
Citibank – чек ара аралык рыноктордо финансылык институттар үчүн алдыңкы банктык өнөктөш, активдерди башкаруу боюнча дүйнөлүк лидер жана АКШнын ички рыногунда жогору бааланган жеке банк. Citibank дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүндө жана юрисдикциясында иш алып барып, компанияларга, өкмөттөргө, инвесторлорго, уюмдарга жана жеке адамдарга кеңири спектрдеги финансылык өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштайт.
Nasdaq – технологиялык жана инновациялык компаниялардын акцияларын листингге алуу жана соодалоо боюнча адистешкен АКШдагы эң ири фондулук биржалардын бири. Биржа соода инфраструктурасынын жогорку деңгээлдеги санариптештирилиши жана кеңири эл аралык катышуусу менен белгилүү.
StoneX Group Inc. (NASDAQ: SNEX) – институционалдык жана корпоративдик кардарларга глобалдык капитал рынокторуна жетүү, клирингдик кызматтар жана тобокелдиктерди башкаруу инструменттерин сунуш кылган эл аралык финансылык компания.
Concrete Engine – туруктуу энергетикалык булактарга багытталган суверендүү жасалма интеллект жана жогорку өндүрүмдүү эсептөө тармагындагы инфраструктуралык чечимдерди өнүктүргөн технологиялык компания.

