Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB чек аралык соода боюнча
II жылдык форумга катышты

KICB Кыргыз Республикасынын Чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясы тарабынан уюштурулган сатуучулар жана маркетплейстер үчүн II жылдык чек аралык соода форумуна катышты. Форум Бишкек шаарында өтүп, ага ири маркетплейстердин, e-commerce сервистеринин жана логистикалык компаниялардын өкүлдөрүн кошкондо 1000ден ашуун катышуучу чогулду. Ошондой эле инвестициялык сектордун, медициналык өнөр жайдын, агроөнөр жай багытынын жана соода уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Ишкердик программанын алкагында форумдун катышуучуларына бизнес үчүн финансылык чечимдер боюнча презентация өткөрүлдү. Көргөзмө аянтчасында KICB консультациялык топтун ишин уюштуруп, анда катышуучулар банктын бардык продуктылары жана кызматтары боюнча кеңеш ала алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө e-commerce тармагын өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү, чек аралык логистика, AI-инструменттерин киргизүү жана товарларды эл аралык маркетплейстерде илгерилетүү маселелери талкууланды. Мындай форумдар электрондук сооданы өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кыргыз продукциясын тышкы рынокторго чыгарууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.