
KICB миллион сомдук акциянын башталганын жарыялайт!
KICB «Ийгилик шилтемеси!» аттуу акциянын башталганын жарыялайт жана KICB мобилдик тиркемесин жүктөгөн же колдонгон ар бир кыргызстандык бир миллион сомдук байгеге талапкер болот!
Акцияга катышуу үчүн жөн гана KICB мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз, рефералдык шилтемеңизди досторуңуз, үй-бүлө мүчөлөрүңүз же тааныштарыңыз менен бөлүшүңүз жана ар бир жаңы тиркемени жүктөгөн адам үчүн бонус алыңыз, ошондой эле байге ээси болуңуз. Ар ай сайын акциянын эң активдүү катышуучулары 50 миң сомдон утуп алышы мүмкүн, ал эми жыйынтыгында жеңүүчүлөр бир миллион сом утуп алышат.
Досунун рефералдык шилтемеси аркылуу мобилдик тиркемени жүктөгөн ар бир адам 50 сом алат жана ал да «Ийгилик шилтемеси» акциясынын катышуучусу болот.
KICB мобилдик тиркемесин кантип орнотуу керек? Жөнөкөй. QR кодту сканерлеңиз, мобилдик тиркемени жүктөп алыңыз жана идентификациядан өтүңүз. Ошондой эле KICBнин каалаган бөлүмүнөн мобилдик тиркемени орнотсоңуз болот.
Эгерде сиз мобилдик тиркеменин активдүү колдонуучусу болуп, төлөмдөрдү KICB төлөм карталары аркылуу жана мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзсөңүз, анда сиз акциянын экинчи башкы байгесине – бир миллион сомго талапкер болосуз..
KICB мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз жана досторуңуз, жакындарыңыз менен бирге байгелерди утуп алыңыз.