KICB ЕРӨБдүн эң эффективдүү бизнес-өнөктөшү деп табылды

KICB Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) эң абройлуу сыйлыгынын ээси болду. Банк "Биргелешип каржылоо программасы боюнча эң эффективдүү банк-өнөктөш" наамын алды. Сыйлыкты тапшыруу аземи Ташкентте уюштурулган ЕРӨБдүн чакан жана орто бизнес үчүн аймактык конференциясынын алкагында өттү.
Жогорку наам KICBге эл аралык финансылык институт менен болгон көп жылдык кызматташтыктын алкагында жеткен мыкты жыйынтыктары үчүн берилди. Аталган сыйлык KICBдин ЕРӨБ менен өнөктөш программасынын негизинде банктын кардарларын колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорун эффективдүү ишке ашырганын тастыктайт. KICB менен ЕРӨБ өнөктөштүгү Кыргызстандагы жеке секторду каржылоодо жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Бул кызматташтык KICBдин кардарларына бизнес-долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, ишмердикти кеңейтүү жана рынокто өзүнүн позициясын бекемдөө үчүн финансылык колдоону гана эмес, эл аралык экспертизага, техникалык колдоого жана гранттарга жол ачууга мүмкүндүк берет.
KICB мындан ары да алдыңкы эл аралык финансылык институттар менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү көздөйт. Банктын башкы приоритеттери – ата мекендик бизнести туруктуу өстүргөн, инновацияларды жайылткан жана Кыргыз Республикасынын экономикасын бекемдеген демилгелерди колдоо болуп кала берет.
KICB – 25 жыл коопсуздук жана ишенимдүүлүк!
КР УБ №046 лицензиясы

