
KICB — БАЭдеги Emirates NBD банкы менен өнөктөштүк орноткон алгачкы кыргызстандык банк болду
Эл аралык өнөктөштүк тармагын кеңейтип, KICB БАЭдеги экинчи ири банк болуп саналган Emirates NBD менен дирхам валютасында корреспонденттик эсеп ачты. Бул кадам банк тарабынан эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана талаптагы жогорку валюталар боюнча төлөм инфратүзүмүн өнүктүрүү ниетин тастыктайт.
Emirates NBD’деги эсеп аркылуу KICB кардарлары эми БАЭ дирхамында түз эсептешүүгө ээ болуп, SWIFT которуулардын ылдамдыгын жогорулата алышат.
Дирхам менен SWIFT которууларынын артыкчылыктары:
- Ылдамдык — каражаттар ортомчу банктарсыз которулат.
- Жогорку ишеним жана ачыктык — Emirates NBD — Европада, Түркияда жана башка өлкөлөрдө филиалдары бар эл аралык банк.
Акыркы беш жыл ичинде БАЭ Кыргызстан үчүн Перс булуңундагы негизги соода өнөктөшү болуп калды. 2024-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн жарымынан көбү Кыргызстандан чыккан экспортко туура келди. Emirates NBD’деги корреспонденттик эсеп кыргыз ишкерлерине бизнесин кеңейтүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга өбөлгө түзөт.
KICB ар дайым өз кардарларына ыңгайлуу жана эффективдүү каржылык кызматтарды сунуштайт.
KICB — Сиз ишене турган банк!
Маалымат үчүн:
ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» (KICB) 2001-жылы негизделген. Уставдык капиталы — 23 миллион АКШ доллары. Бүткүл республика боюнча 55 филиалы бар жана бардык негизги банк кызматтарын көрсөтөт. KICB ошондой эле Citibank (АКШ) менен корреспонденттик эсепке ээ. Улуттук банктын лицензиясы №046.
Emirates NBD — БАЭдеги экинчи ири банк болуп эсептелет. 2025-жылдын 31-мартына карата активдери 1,03 триллион дирхамдан ашкан. Банк 13 өлкөдө иш алып барат, алардын катарында Улуу Британия, Сауд Аравиясы, Индия, Египет, Сингапур жана Кытай бар. 2024-жылы The Banker журналы тарабынан «БАЭдеги жылдын банкы» деп табылган жана санариптик банкинг тармагында дүйнөлүк лидер болуп саналат.