Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB IFCден туруктуу өнүгүү облигациялары аркылуу 1,3 млрд сом тартты

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) туруктуу өнүгүү облигацияларын 1,3 миллиард сомго ийгиликтүү жайгаштырды. Бардык облигацияларды Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) сатып алды.

Бул облигациялардын чыгарылышы KICBнин экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды интеграциялоого багытталган ESG-саясатын ишке ашырууда маанилүү этап болуп саналат.

Туруктуу Өнүгүү Облигацияларын жайгаштыруудан түшкөн каражаттар улуттук валютада туруктуу экологиялык жана социалдык долбоорлорду узак мөөнөттүү каржылоого, ошондой эле чакан бизнести, ишкерлерди жана аярлуу катмарларды, анын ичинде аялдарды колдоого багытталат.

 

KICB жана IFC 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнести каржылоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн микрокаржылоо, аял-ишкерлер боюнча долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү иштеп келишет, бул өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна оң таасирин тийгизет. Бул келишим KICB менен IFC ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктү бекемдейт жана калктын аярлуу катмарларынын жана чакан ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Белгилей кетсек, KICB 2013-жылы Кыргызстанда өзүнүн облигацияларын ийгиликтүү чыгарган биринчи банк болуп саналат жана туруктуу өнүгүү принциптерине өзгөчө көңүл буруу менен баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү улантууда.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) – Кыргызстандагы эң ири банктардын бири, 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы – 23 млн АКШ доллары. Банктын акционерлери Кыргыз Республикасы, Экономикалык өнүгүү боюнча Ага Хан Фонду (AKFED) жана Habib Bank Limited (HBL) болуп саналат.

Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) – Дүйнөлүк Банк тобуна кирген эл аралык уюм, өнүгүп келе жаткан рыноктордогу жеке секторго багытталган глобалдык өнүгүү институту. IFC туруктуу инвестициялар жана консультациялык кызматтар аркылуу жашоону жакшыртуу жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн жеке сектордун өсүшүн колдойт.