KICB жана ЕБРР микро, кичи жана орто бизнести каржылоо боюнча келишимге кол коюшту
KICB жана Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы микро, кичи жана орто ишканаларды колдоо программасынын алкагында улуттук валютада 5 миллион АКШ долларына барабар насыя ресурстарын берүү боюнча келишимге кол коюшту.
Бул каржылоо микро, кичи жана орто ишканалардын узак мөөнөттүү насыя ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган. Бул демилге ошондой эле каржы секторун чыңдоого жана өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзүүдө жана экономикалык жандануусун жогорулатууда маанилүү ролду ойногон жеке ишкердиктин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
KICB жана ЕБРРдин чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлору Кыргызстанда 24 жылдан ашуун убакыттан бери ийгиликтүү ишке ашып келет. Кыргызстандын банк тутумунун алдыңкы өкүлдөрүнүн бири катары KICB эл аралык каржы институттарынын насыя линияларын экономика тармактарындагы ар түрдүү долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланып, өлкөнүн өнүгүшүнө жана экономикалык туруктуулугуна өз салымын кошуп келет.
Эске сала кетсек, KICB менен Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын кызматташуусу Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоону, Борбор Азиядагы «Бизнесдеги аялдар» программасынын алкагындагы «Мыкты Айым» долбоорун колдоону, ошондой эле Кыргызстандын жашыл экономиканы каржылоо программасына (KyrSEFF) катышууну камтыйт.

Кредиттик келишимге KICBнин Башкармалыгынын Төрагасы Ариф Али жана ЕБРРнин вице-президенти Маттео Патроне кол коюшту
Маалымат үчүн:
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК (KICB) 2001-жылы негизделген. Уставдык капиталы – 23 миллион АКШ доллары. Банк республиканын аймагында 55 бөлүмгө ээ болуп, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин камсыз кылат. Кыргызстанда алгачкылардан болуп Citibank (АКШ) жана NBD (БАЭ) банктарында корреспонденттик эсептерди ачкан. Улуттук банктын лицензиясы – №046.
Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) 1991-жылы түзүлгөн. Ал үч континентте иш жүргүзүп, өлкөлөргө ийгиликтүү рыноктук экономикага өтүүгө көмөк көрсөтөт. ЕБРРнин өзгөчө ыкмасы каржылоону, эксперттик колдоону жана мыйзамдык реформаларды айкалыштырып, узак мөөнөттүү оң өзгөрүүлөрдү камсыз кылат.


