Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

ККыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо үчүн KICB банкына кредит берилди

Лондондо (Улуу Британия) 2025-жылдын 13-15-май күндөрү ЕБРРдин 34-жылдык жыйыны жана Бизнес-форуму болуп өттү. Бул — өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлерди жана өнөктөштөрдү чогулткан маанилүү иш-чара. Бул форумга Кыргызстандын жашыл экономикасын каржылоо программасынын III баскычынын (KyrSEFF III) алкагында “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” (KICB) өнөктөш жана катышуучу катары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы суммасы 2,6 миллион еврону түзгөн кредиттик келишимге кол коюлду.


Франсис Малиж, ЕБРРнин Финансылык институттар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы жана Ариф Али, KICBнин Башкармалыгынын Төрагасы

KyrSEFF программасы жеке адамдарга жана ишканаларга энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык жана консультациялык колдоо көрсөтөт. Программанын негизги максаты — турак жайларда жашоо шарттарын жакшыртуу жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жогорку эффективдүүлүккө ээ технологияларды жана практикаларды колдонуу аркылуу.


ЕБРРнин 34-жылдык жыйыны жана Бизнес-форуму, Лондон, май 2025-жыл

KyrSEFF программасынын алкагында жеке адамдарга жана ишканаларга энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо жана консультациялар берилет. Программанын максаты - үйлөрдөгү жайлуулукту жана бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорку натыйжалуу технологиялар жана практикалар аркылуу жогорулатуу.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) макулдашуусуна ылайык, ЕРӨБ KICBге жеке карыз алуучуларды кийин кредитлоо үчүн кредит берет. Каражаттар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана ага ыңгайлашууга инвестициялоо үчүн ЕРӨБнүн жашыл экономикага өтүү ыкмасына ылайык пайдаланылат — парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү стратегия.

KyrSEFF программасынын алкагында кредиттөө турак жайларды жана өндүрүштүк жайларды жылуулоого, суу жана энергетикалык ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга, ошондой эле ресурстарды сактоонун кайра жаралуучу системасына (гелиосистемаларды, күн батареяларын, тамчылатып сугарууну, жамгыр суусун чогултуу системаларын жана ресурстарды сактоонун башка системаларын орнотуу) жана программанын негизги милдетине ылайык келген башка максаттарга багытталат.Эскерте кетсек, KICB 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен, эл аралык финансы институттарынын катышуусунда түзүлгөн: Ага Хан экономикалык өнүгүү фонду (AKFED), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD), Германиянын инвестициялар жана өнүгүү боюнча корпорациясы (DEG), Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) жана Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW). KICBди түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасындагы коммерциялык сектордун өнүгүшүнө көмөктөшүү болгон.


Елена Бубнова – KICB банкынын Башкармалыгынын мүчөсү, Казухико Когучи – ЕБРРнин Башкы катчысы, Шаффик Дхарамши – KICB банкынын Байкоочу кеңешинин Төраганын орун басары, Ариф Али – KICB банкынын Башкармалыгынын Төрагасы. ЕБРРнин 34-жылдык жыйыны, Лондон, май 2025-жыл

KICB банкынын ЕБРРнин жылдык жыйынына катышуусу дүйнөлүк деңгээлдеги финансы эксперттери жана өнөктөштөр менен баалуу пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Атап айтканда, ЕБРРдин башкы катчысы Казухико Когучи мырза менен жолугушуу болду, ал ЕБРРдин Борбордук Азия боюнча башкаруу командасынын курамында иштеп турганда KICBни түзүүгө түздөн-түз катышкан.

Маалымат үчүн:

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы - 23 миллион АКШ доллары. Банктын республика боюнча 55 бөлүмү бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт. КРУБ лицензиясы 046. www.kicb.net

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) – эл аралык каржылык институт болуп саналат. Ал үч континентте иш жүргүзүп, өлкөлөрдүн ийгиликтүү рыноктук экономикаларга өтүшүнө көмөк көрсөтөт. ЕБРР каржылоону, эксперттик колдоону жана мыйзамдык реформаларды айкалыштырып, туруктуу жана оң өзгөрүүлөргө жетүүнү камсыздайт. 1991-жылдан бери 210 миллиард евродон ашуун инвестиция 7400 долбоорго багытталган.