KICB банкы өнөктөштөр менен 12 жылдык «Green Foundation» экологиялык программасынын алкагында 18 600 көчөт отургузду

2024-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкынын демилгеси менен түзүлгөн «Жашылдандыруу фонду» («Green Foundation») «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФнын колдоосунда Бишкек шаарындагы 5 мектепте жана 6 бала бакчада бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузууну уюштурду.

Салт болуп калгандай KICB банкынын кызматкерлеринен, «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФнын жана Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрүнөн турган чоң делегация Көк-Жар жаңы конушундагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунда бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузушту.

Көчөт отургузууга Бишкек ш. мэриясынын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.

«Бул программа климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана шаарларда жана чек ара участокторунда жашыл зоналарды түзүү максатында түзүлгөн. KICB өнөктөштөр менен бирге бул маанилүү экологиялык демилгени ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иш алып барат. Алсак, быйылкы жылы көчөттөрдү отургузуу үчүн Бишкек шаарында 6 бала бакча жана 5 мектеп тандалган, бүгүн биз менен катар дагы 10 билим берүү мекемесинде көчөттөр отургузулуп жатат. Биз отургузган жаш көчөттөр гүлдөп, кийинки жазда балдарды кубандырат деп үмүттөнөбүз», - деп белгиледи Ариф Али, KICB Башкармалыгынын Төрагасы.

Жыл сайын экологдор «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФнын өкүлдөрү менен биргеликте жашылдандырууга муктаж болгон билим берүү мекемелери боюнча инспекция өткөрүп, жашылдандырууга муктаж болгондорун тандашат. Бул демилге калк арасындагы экологиялык көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана коомчулукту, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үндөөгө көмөктөшөт.

KICB аймакты жашылдандырууга бөлүнгөн негизги гранттан тышкары билим берүү мекемесине балдар адабиятын белекке берди.

Маалымдама

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (КИКБ) шаарларды жашылдандыруу жана Кыргыз Республикасында жагымдуу жашоо шарттарын түзүү үчүн 2012-жылды «Жашылдандыруу фондун» түзүп, көчөттөрдү отургузуу жана бак-дарактарды сактоо боюнча кампанияны демилгелеген. 2024-жылы 13-ирет бак-дарактар отургузулду.