Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Достук тармак

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

2024-жылдын 6-августунан тартып «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК «Достук тармактан» чыккандыгы жөнүндө маалымдайт.

Төмөнкү банктардын ЭЛКАРТ жана Visa төлөм карталарынын ээлеринен: «Бакай Банк» ААК, «ФинансКредитБанк КАБ» ААК, «Капитал Банк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Айыл Банк» ААК, «Кыргыз-Швейцариялык Банкы» ЖАК накталай акча алууда KICB банкоматтарынан картаны чыгарган банктын тарифтерине ылайык комиссия алынат.

2024-жылдын 6-августунан 6-ноябрына чейин KICB: Visa Classic, Visa Gold, Visa Infinite, Mastercard Standard, Mastercard Gold карталарынан ээлери улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргызстандын каалаган банкынын банкоматынан АКЫСЫЗ накталай ала алышат! Эс алууңузду үзгүлтүккө учуратпастан KICB карталарынан Кыргызстандын каалаган ыңгайлуу жеринен комиссиясыз накталай акча алыңыз.