Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдү кантип коопсуз кылуу керек

Эгерде Сиз кыймылсыз мүлктү, жер участогун, транспортту же башка кыймылдуу мүлктү сатышыңыз же сатып алышыңыз керек болсо, бүтүмдү алдамчылык операциялардан коопсуз кылууга болот! KICB банкында эскроу эсеп ачыңыз жана бүтүмдү коопсуз түзүңүз!
Эскроу эсеп – кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин каттагандан кийин улуттук валютада акча каражаттарын сатуучуга чегерүү максатында кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатуучунун, сатып алуучунун жана банктын ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачыла турган атайын эсеп.

Эскроу эсепти кайсы учурларда ачуу керек?

  • Эгерде Сизде бүтүмдүн ийгиликтүү болорунан күмөн санасаңыз;

  • Эгерде Сиз үчүн сатып алуучуда акча каражаттарынын бар экенин реалдуу ырастоону алуу зарыл болсо;

  • Эгерде Сизден мындай ырастоону берүү талап кылынса.

Эскроу эсеп ал боюнча андан ары тейлөө жүргүзүлө турган Банктын бөлүмдөрүндө ачылат.

Эскроу эсепте акча каражаттары анын эсебине акча каражаттары жайгаштырылган милдеттенмелер аткарылганга чейин ээси тарабынан чыгымдоо операцияларын жүргүзүү укугу жок аларды блокировкалоо шарты менен жайгаштырылат. Бул учурда Банк агенттин ролун аткарат жана акча каражаттарынын төмөндөтүлбөгөн калдыгынын болушун, ошондой эле бүтүм боюнча акча каражаттарын төлөөчүнүн алуучунун пайдасына негиздүү жана өз убагында төлөнүшүн камсыздайт.

Төлөөчүдө жана алуучуда KICB банкында банктык эсептердин болушу үч тараптуу макулдашуу түзүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

KICB Сизге эскроу-эсепти акысыз ачууну, 6 000 000 КР сомуна чейинки бүтүм боюнча каражаттарды комиссиясыз акчага айландырууну сунуштайт. Төмөндө 2024-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кире турган Банктын тарифтери берилген.