Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB’ден Элкарт+ картасынын ээлери үчүн
жаңы артыкчылыктар


KICB’ден Элкарт+ картасы — бул күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу болгон, артыкчылыктар жана бонустар менен камсыздалган заманбап контактсыз карта.
Эскерте кетсек, картаны тейлөө шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Картаны акысыз чыгаруу
  • Биринчи жылкы тейлөө — акысыз
  • Кийинки жылдардагы тейлөө — жылына 210 сом
  • Эсептеги калдыкка жылдык 3% чегерүү (эсепте 100 000 сомдон жогору минималдуу калдык болгон учурда)
  • «Манас» аэропортунун бизнес-залына атайын баа менен кирүү — 1 300 сом (кирүү саны чектелбейт)
  • «Манас» аэропортунда багажды таңгактоо — 400 сом (чектөөсүз)
KICB кубануу менен билдирет: Элкарт+ картасынын ээлери үчүн артыкчылыктар программасы жаңы эксклюзивдүү арзандатуулар жана атайын сунуштар менен толукталууда:

  • «Лови момент» туристтик агенттиги — пакеттик турларга жана «ачкыч тапшыруу» форматындагы саякаттарга 8% арзандатуу. Өзгөчө популярдуу багыт — Өзбекстан.
  • Neoluma косметологиялык борбору — эстетикалык косметологиянын бардык кызматтарына 10% арзандатуу, анын ичинде anti-age процедуралары, теринин диагностикасы, LED-терапия жана аппараттык технологияларды колдонуу менен заманбап косметологиялык процедуралар.
  • OHRA кийим дүкөнү — стилдүү аялдар кийимдерине 5% арзандатуу: күнүмдүк гардероб үчүн тренддеги жана базалык моделдер, анын ичинде популярдуу кореялык коллекциялар.
  • Моушн-дизайн жана видеомонтаж боюнча окутуу студиясы — нөлдөн баштап окутуу кызматтарына атайын сунуштар.
  • DC Optic — күндөн коргоочу көз айнектерге жана көрүүнү оңдоочу алкактарга 15% арзандатуу: ассортиментте 6000ден ашуун товар жана 300дөн ашуун дүйнөлүк бренддер сунушталган.
Эгерде сиз KICB’ден Элкарт+ картасына кантип заказ берүүнү ойлонуп жатсаңыз:

  • KICB мобилдик тиркемесин жүктөп алып, «Сервистер» бөлүмүнөн «Картага заказ берүү» баскычын басыңыз
  • Же болбосо KICB’нин каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз
KICB — ишенимдин жана туруктуулуктун 25 жылы!