KICB’ден Элкарт+ картасынын ээлери үчүн
жаңы артыкчылыктар

KICB’ден Элкарт+ картасы — бул күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу болгон, артыкчылыктар жана бонустар менен камсыздалган заманбап контактсыз карта.
Эскерте кетсек, картаны тейлөө шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Картаны акысыз чыгаруу
- Биринчи жылкы тейлөө — акысыз
- Кийинки жылдардагы тейлөө — жылына 210 сом
- Эсептеги калдыкка жылдык 3% чегерүү (эсепте 100 000 сомдон жогору минималдуу калдык болгон учурда)
- «Манас» аэропортунун бизнес-залына атайын баа менен кирүү — 1 300 сом (кирүү саны чектелбейт)
- «Манас» аэропортунда багажды таңгактоо — 400 сом (чектөөсүз)
- «Лови момент» туристтик агенттиги — пакеттик турларга жана «ачкыч тапшыруу» форматындагы саякаттарга 8% арзандатуу. Өзгөчө популярдуу багыт — Өзбекстан.
- Neoluma косметологиялык борбору — эстетикалык косметологиянын бардык кызматтарына 10% арзандатуу, анын ичинде anti-age процедуралары, теринин диагностикасы, LED-терапия жана аппараттык технологияларды колдонуу менен заманбап косметологиялык процедуралар.
- OHRA кийим дүкөнү — стилдүү аялдар кийимдерине 5% арзандатуу: күнүмдүк гардероб үчүн тренддеги жана базалык моделдер, анын ичинде популярдуу кореялык коллекциялар.
- Моушн-дизайн жана видеомонтаж боюнча окутуу студиясы — нөлдөн баштап окутуу кызматтарына атайын сунуштар.
- DC Optic — күндөн коргоочу көз айнектерге жана көрүүнү оңдоочу алкактарга 15% арзандатуу: ассортиментте 6000ден ашуун товар жана 300дөн ашуун дүйнөлүк бренддер сунушталган.
- KICB мобилдик тиркемесин жүктөп алып, «Сервистер» бөлүмүнөн «Картага заказ берүү» баскычын басыңыз
- Же болбосо KICB’нин каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз

