КИКБ Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Women in Business программасынын алкагында Best First Mover сыйлыгына ээ болду.
Бул сыйлык аялдар ишкерлигин өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди алгачкылардан болуп ишке ашырууга, финансылык чечимдерди өнүктүрүүгө жана рыноктогу башка катышуучулар үчүн үлгү болууга даяр болгону үчүн ыйгарылат.
Биз үчүн бул жөн гана таануу эмес, бул — тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, туруктуу өсүштү колдоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын ролун күчөтүү багытындагы миссиябыздын ырасталышы.
Көрсөткөн ишеними үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (ЕРӨБ) ыраазычылык билдиребиз жана аялдар-ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы ишибизди уланта беребиз.


