Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна катышат

       


Билим берүү – бул коомду өнүктүрүүнүн маанилүү баалуулугу. Балдардын билим алуусуна инвестициялар – бул сапаттуу жана узак мөөнөттүү инвестициялар.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФ 2014-жылдан бери үй-бүлөсү жайында жайыттарда болгон мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» өзгөртүлгөн «Жайлоодогу бала бакча» демилгесин ишке ашырып келет. Жыл сайын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» жай айларында өлкөнүн жетүү кыйын жана бийик тоолуу аймактарында 3000ден ашык балага билим берүү иш-чараларынын кеңири спектрин, анын ичинде сабаттуулук жана жашоо көндүмдөрүнөн үйрөтүү программаларын сунуштайт. Бул демилгеге катышуу менен, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (KICB) канцелярдык товарлар менен камсыздоо аркылуу 4 балдарды өнүктүрүү борборун каржылаган.

KICB негизделген күндөн тартып корпоративдик социалдык жоопкерчилигин ишке ашыруунун алкагындагы биринчи долбоор эмес.

Жыл сайын «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФ менен бирге «Green Foundation» долбооруна катышуу менен, KICB 12 жылда мектептердин жана бала бакчалардын аймагында 18 600 дарак отургузду. Бул программа климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана шаарларда жана чек ара участокторунда жашыл аймактарды түзүү максатында түзүлгөн.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКФнын долбоорлоруна катышуу чөйрөсүн кеңейтүү менен, KICB «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна катышты. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын алыскы бийик тоолуу аймактарында балдарды жана алардын ата-энелерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» иштеген жылдары миңдеген балдар мектепке даярдануу, чыгармачыл өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Ошондой эле туруктуу түрдө ар башка багыттар боюнча балдар жана ата-энелер үчүн мастер-класстар өткөрүлүп турат. Алардын көпчүлүгү өмүрүндө биринчи жолу куурчак театрынын, ар кандай театралдык топтордун, акындардын, жазуучулардын, спортчулардын же ар кандай спорт түрү боюнча машыктыруучулардын  оюндарын көрүү, шахмат ойноо, сүрөт тартуу, аппликация жасоо, ырдоо, бийлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда балдар менен жыл сайын 150дөн ашык педагог-тарбиячы, ар кандай уюмдардын волонтерлору, ата-энелер иштешет.

KICB Башкармасынын Төрагасы Ариф Али ар бир компаниянын жана уюмдун балдардын, кыргызстандыктардын келечек муунунун, билим алуусуна кичинекей салымы дагы өлкөнү өнүктүрүүгө негиздүү жана перспективалуу инвестиция болот деп ишенет. Өз миссиясын аткарууда KICB кардарларга, коомдоштукка жана айлана-чөйрөгө камкордук менен Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууну улантат.

KICB – жакшы жашоо үчүн ишенимдүү банк!

Маалымдама:

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы - 23 миллион АКШ доллары. Банктын банктык кызматтардын толук спектрин сунуштаган, бүтүндөй республика боюнча 55 бөлүмү бар.

«VISA International», «MasterCard International» төлөм системаларынын принципиалдуу өнөктөшү.

Банктын акционерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Кыргыз Республикасы жана дүйнөгө белгилүү финансы институттары Ага-Хан Экономикалык өнүктүрүү фонду (AKFED), Хабиб Банк Лимитед (HBL) болуп саналат.