Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар


KICB ЕРӨБ өткөргөн конференцияга катышты

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы «ЕРӨБ менен бирге чоңураак жана туруктуураак бизнес түзүү» аттуу конференция өткөрдү. Иш-чарада спикер катары KICB Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү Елена Бубнова катышты. Ал Кыргызстандын чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү боюнча банктын ыкмалары жана принциптери, ошондой эле ЕРӨБ менен биргелешкен демилгелер тууралуу айтып берди.

Сессиянын жүрүшүндө чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүчү инструменттер сунушталды. Алардын катарына консультациялык кызматтар, тобокелдиктерди бөлүшүү механизми жана инновациялык финансылык чечимдер кирет. Бул инструменттер компанияларга өсүү тоскоолдуктарын жеңүүгө, ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана аймактык деңгээлге чыгууга жардам берет.

Бул иш-чара финансылык институттар менен жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, Кыргызстандын бизнесинин туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталды.

KICB өнөктөштөрү менен биргеликте чакан жана орто бизнести колдоону улантып, туруктуу өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.